«Көңүл кош мамиле». Зомбулукка кабылган аялдын жактоочусу милицияга нааразы

Жактоочу Мухайо Абдураупова Араван РИИБи зомбулукка кабылган аялдын арызын кабыл албай койгонун айтып чыкты. Анын айтымында, аялга күйөөсү зомбулук көрсөтүп, аны менен жашоого мажбурлап келет. Ал эми милициядан жактоочунун сөздөрүн четке кагышты.

Эмне болду?

Жактоочу Абдураупова милициянын арызды кабыл албай койгону тууралуу 22-августта өзүнүн Фейсбук барагында билдирди. Анын айтымында, Аравандын тургуну бир жылдан бери күйөөсүнөн кетүүгө аракет кылып келет. Бирок киши ажырашууга жол бербей, аны өзү менен жашоого мажбурлайт.

Жактоочу 2021-жылдын март айында видео байкоочу камерага түшүп калган тасманы жарыялады. Анда эркек киши аялдын үйүнө короонун тосмосунан ашып кирип, жаш баласынын көзүнчө жабырлануучуга кол салып, анын телефонун талкалап салганын көрүүгө болот.

Андан бери зомбулук токтогон эмес – үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда киши аялдын жумуш ордуна барып, башкалардын көз алдында ага зомбулук көрсөткөн.

Ал эми 21-июлда киши аялды муунтуп, тепкилеп, сабап, экинчи телефонун да сындырып, «ажырашпайсың» деп үйүнө мажбурлап алып келген.

Абдураупова аял милицияга кайрылганда, алар фактыны «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» беренеси менен каттап, бирок сабоо жана мажбурлап никеге тургузуу фактысы боюнча арызды кабыл албай коюшканын айтты.

Милициянын версиясы

Ош облустук милициясынан Абдураупованын айткандарын четке кагышууда. Алар «аял 16-август күнү Араван РИИБге кайрылып, бирок кайрадан келүүнү убадалап кетип калган» деп билдиришти.

Ал эми аялдын июлда жазган арызы боюнча «Ден соолукка жеңил залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Кара-Суу РИИБке өткөрүлүп берилгенин айтышты. ОИИБден иш соттук кароо алдында турганын кошумчалашты.

Мындан сырткары, жабырлануучунун 23-августта жазган арызы Араван РИИБге катталганын белгилешти.

Анткен менен жактоочу Абдураупова милиция адамды никеге турууга мажбурлоо фактысына көңүл бурбай жатканын айтууда.

Ошондой эле ал Фейсбукка пост жарыялагандан соң, 23-августта, РИИБден аялды чакырышканын белгиледи. Ал милиция зомбулукка кабылган аялга карата көңүл кош мамиле кылып жатат деген пикирде.

«Зордук-зомбулукка кабылган аялдарга милиция кызматкерлеринин көңүл кош, суук мамилеси өкүндүрөт. “Бул окуя бир жыл мурда катталган турбайбы, далилиң кана?” деген сыяктуу талаптарды коюшат. Мындай мамиле көрсөтүлсө зомбулукка кабылган аялдар кантип жардам сурап кайрыла алмак эле? Биздин өлкөдө видео тасма болмоюнча зомбулукка кабылган аялдардын укугу корголбойт», — деди ал.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Редактору: Айбике Адилет кызы


Тема боюнча:

Депутат Никитенко: «Аялдарга көңүл кош мамилени мамлекет пропагандалап жатат»

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү