Араван: Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн аялдын иши кыскартылганы айтылды

Араван районунда мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн аялдын иши кыскартылганы белгилүү болду. Бул тууралуу укук коргоочу Мухайо Абдураупова билдирди.

Абдураупова тергөөчү жабырлануучуга жолукпай качып жүрөт деп билдирди. Анын айтымында, аялдын бирге жашоого мажбурлоо, ур-токмокко алуу, мүлкүн жок кылуу боюнча иштери Араван РИИБ тарабынан 24-сентябрда кыскартылганы белгилүү болгон.

«Аял 86% укпай калган. Тергөөчү прокурорлор, соттор менен кеңешип, ошондуктан ушундай чечимге келгенин айтууда. Кыргызстанда аял зордук-зомбулуктан корголушуна ишенбей эле коюшу керек», — деп жазды укук коргоочу.

Ал аялдын иши CEDAW’га (Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жок кылуу жөнүндө конвенция) жиберилерин кошумчалады.

Зомбулукка кабылган аялдын иши

22-августта жактоочу Абдураупова Араван РИИБи зомбулукка кабылган аялдын арызын кабыл албай койгонун айтып чыккан.

Анын айтымында, Аравандын тургуну бир жылдан бери күйөөсүнөн кетүүгө аракет кылып келет. Бирок киши ажырашууга жол бербей, аны өзү менен жашоого мажбурлайт.

Жактоочу 2021-жылдын март айында видео байкоочу камерага түшүп калган тасманы жарыялаган. Анда эркек киши аялдын үйүнө короонун тосмосунан ашып кирип, жаш баласынын көзүнчө жабырлануучуга кол салып, анын телефонун талкалап салганын көрүүгө болот.

Андан бери зомбулук токтогон эмес – үстүбүздөгү жылдын 13-июлунда киши аялдын жумуш ордуна барып, башкалардын көз алдында ага зомбулук көрсөткөн.

Ал эми 21-июлда киши аялды муунтуп, тепкилеп, сабап, экинчи телефонун да сындырып, «ажырашпайсың» деп үйүнө мажбурлап алып келген.

Абдураупова аял милицияга кайрылганда, алар фактыны «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» беренеси менен каттап, бирок сабоо жана мажбурлап никеге тургузуу фактысы боюнча арызды кабыл албай коюшканын айткан.

Жактоочу бул тууралуу соцтармакка жазып чыккандан кийин, 23-августта гана Араван РИИБи аялды милицияга чакырып арыз алган.

Ал эми милициядан Абдураупованын айткандарын четке кагышкан. Алар «аял 16-август күнү Араван РИИБге кайрылып, бирок кайрадан келүүнү убадалап кетип калган» деп билдиришкен.

Ал эми аялдын июлда жазган арызы боюнча «Ден соолукка жеңил залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, Кара-Суу РИИБке өткөрүлүп берилгенин айтышкан. ОИИБден иш соттук кароо алдында турганын кошумчалашкан.

Октябрь айында кишиге «Ден соолукка жеңил залал келтирүү» беренеси боюнча 50 миң сом айып пул салынганы белгилүү болгон. Мындай чечимди Кара-Суу райондук соту кабыл алган болчу.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Көңүл кош мамиле». Зомбулукка кабылган аялдын жактоочусу милицияга нааразы