Сүрөт: Azattyk

Бүгүн, 19-декабрда, Бишкектеги Кыргыз Улуттук драма театрында эмгек сиңирген артист, актёр Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Актёр Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат — жакындары бул Мурадиллаевдин акыркы керээзи болгонун белгилешкен.

Азиз Мурадиллаев 17-декабрдын кечинде узакка созулган ооруудан каза болгон. Ал 44 жашта эле.

Мурадиллаев бир нече күн мурда операциянын алдында ооруканадан Кыргызстан элине ыраазычылык билдирип, «Кудай буюрса, жакшылыкта жолугабыз» деп видео кайрылуу жасаган болчу.

Декабрдын башында Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу үчүн 45 миң доллар керек экени айтылып, кайрымдуу жарандар каражат чогулта баштаган. Андан соң Садыр Жапаров операция үчүн 42 миң доллар которгон.

Мурадиллаев сарыктын С түрүнө чалдыгып, оорусу боордун циррозуна өтүшүп кеткен. 2016-жылы ал Москвада жана Түркияда дарыланган. Анда боорун алмаштыруу зарылдыгы жок экени айтылып, актёр элден чогулган акчанын калганын режиссёр Мурат Мамбетовдун уулунун дарылануусуна берген.

Белгилүү актёр театрда жана бир нече тасмаларда роль жараткан. «Курманжан Датка» тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарган. Маданиятка кошкон салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Актёр Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-декабрда өтөт

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев каза болду