«Жакшылыкта жолугабыз». Актёр Азиз Мурадиллаев ооруканадан кайрылуу жасады

Актёр Азиз Мурадиллаев ооруканадан видео кайрылуу жасап, Кыргызстан элине ыраазычылык билдирди. Кайрылууну 14-декабрда коомдук ишмер Ассоль Молдокматова инстаграм баракчасына жарыялады.

«Урматтуу кыргыз калкым, көп адамдар мен үчүн дуба кылып, колдон келген жардамды берип жатышыптыр. Мен миң мертебе ыраазымын. Ошондой эле президентке, бардык жардам берген адамдарга чоң рахмат. Кудай буюрса жакшылыкта жолугабыз», — деди Мурадиллаев.

Ошондой эле ал, коомдук ишмер Ассоль Молдокматовага ыраазычылыгын билдирди.

Буга чейин Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу үчүн 45 миң доллар акча керек экенин айтылып, кайрымдуу жарандар каражат чогулта баштаган. Андан соң Садыр Жапаров операция үчүн 42 миң доллар которгон.

Дарыгерлер Азиз Мурадиллаевдин абалын «туруктуу оор» деп баалашкан.

Мурадиллаев сарыктын С түрүнө чалдыгып, оорусу боордун циррозуна өтүшүп кеткен. 2016-жылы ал Москвада жана Түркияда дарыланган. Анда боорун алмаштыруу зарылдыгы жок экени айтылып, актёр элден чогулган акчанын калганын режиссёр Мурат Мамбетовдун уулунун дарылануусуна берген.

44 жаштагы Мурадиллаев театрда жана бир нече белгилүү тасмаларда роль жараткан. «Курманжан Датка» тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров актёр Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна 42 миң доллар берди

«Убакыт аз». Актёр Азиз Мурадиллаевдин бооруна операция жасатууга акча чогултула баштады