Актёр Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-декабрда өтөт

Эмгек сиңирген артист, белгилүү актёр Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-декабрда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 11:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драм театрында өтөт.

Актёр Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат — жакындары бул Мурадиллаевдин акыркы керээзи болгонун белгилешкен.

Азиз Мурадиллаев 17-декабрдын кечинде узакка созулган ооруудан каза болду. Ал 44 жашта эле.

Мурадиллаев бир нече күн мурда операциянын алдында ооруканадан Кыргызстан элине ыраазычылык билдирип, «Кудай буюрса, жакшылыкта жолугабыз» деп видео кайрылуу жасаган болчу.

Декабрдын башында Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу үчүн 45 миң доллар керек экени айтылып, кайрымдуу жарандар каражат чогулта баштаган. Андан соң Садыр Жапаров операция үчүн 42 миң доллар которгон.

Мурадиллаев сарыктын С түрүнө чалдыгып, оорусу боордун циррозуна өтүшүп кеткен. 2016-жылы ал Москвада жана Түркияда дарыланган. Анда боорун алмаштыруу зарылдыгы жок экени айтылып, актёр элден чогулган акчанын калганын режиссёр Мурат Мамбетовдун уулунун дарылануусуна берген.

Белгилүү актёр театрда жана бир нече тасмаларда роль жараткан. «Курманжан Датка» тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарган. Маданиятка кошкон салымы үчүн «Эмгек сиңирген артист» наамы ыйгарылган.