Садыр Жапаров актёр Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна 42 миң доллар берди

Азиз Мурадиллаев

Президент Садыр Жапаров 4-декабрда актёр Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу операциясына 42 миң доллар берди. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова фейсбук барагына жазды.

«Чагылгандай ылдам реакцияңыз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Бир нече саат мурун сизге Эмгек сиңирген артист Азиз Мурадиллаевди сактап калуу өтүнүчү менен кайрылсам, бир сааттан кийин сиздин атыңыздан ооруканага 42 миң доллар жөнөтүлдү», — деп жазды Молдокматова.

Буга чейин коомдук ишмер президент Жапаровго кайрылуу жасап, Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу үчүн 45 миң доллар акча керек экенин айткан.

Буга чейин дарыгерлер Азиз Мурадиллаевдин абалын «туруктуу оор» деп баалап, анын операциясына акча чогултуу башталган. Ошондой эле убакыт аз экени жана операцияга көп суммадагы акча керектиги белгиленген.

Азиз Мурадиллаев сарыктын С түрүнө чалдыгып, оорусу боордун циррозуна өтүшүп кеткен. 2016-жылы ал Москвада жана Түркияда дарыланган. Анда боорун алмаштыруу зарылдыгы жок экени айтылып, актёр элден чогулган акчанын калганын режиссёр Мурат Мамбетовдун уулунун дарылануусуна берген.

44 жаштагы Мурадиллаев театрда жана бир нече белгилүү тасмаларда роль жараткан. «Курманжан Датка» тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Убакыт аз». Актёр Азиз Мурадиллаевдин бооруна операция жасатууга акча чогултула баштады