Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев каза болду

Актёр Азиз Мурадиллаев каза болду. Бул тууралуу 17-декабрда коомдук ишмер Ассоль Молдокматова фейсбук барагына жазды.

«Жубайы Элвира кабарлады. Кыргызстан жана кыргыз эли сени маңдайы жарык, жылмайган бойдон эстеп калат. Азиздин акыркы керээзи, аны Ала-Арча көрүстөнүнө коюну каалаган экен. Жаткан жериң жайлуу болсун!» — деди ал.

Молдокматова Ала-Арча көрүстөнүнө «Эл артисти» деген наамы барлар гана коюларын айтып, бул боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Буга чейин Мурадиллаев операцияга чейин ооруканадан кыргыз элина «Кудай буюсра, жакшылыкта жолугабыз» деп видео кайрылуу жасаган болчу.

Декабрдын башында Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу үчүн 45 миң доллар керек экени айтылып, кайрымдуу жарандар каражат чогулта баштаган. Андан соң Садыр Жапаров операция үчүн 42 миң доллар которгон.

Мурадиллаев сарыктын С түрүнө чалдыгып, оорусу боордун циррозуна өтүшүп кеткен. 2016-жылы ал Москвада жана Түркияда дарыланган. Анда боорун алмаштыруу зарылдыгы жок экени айтылып, актёр элден чогулган акчанын калганын режиссёр Мурат Мамбетовдун уулунун дарылануусуна берген.

44 жаштагы Мурадиллаев театрда жана бир нече белгилүү тасмаларда роль жараткан. «Курманжан Датка» тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарган. Маданиятка кошкон салымы үчүн «Эмгек сиңирген артист» наамы ыйгарылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жакшылыкта жолугабыз». Актёр Азиз Мурадиллаев ооруканадан кайрылуу жасады

Садыр Жапаров актёр Азиз Мурадиллаевдин дарылануусуна 42 миң доллар берди