Баткен: Аткезчилик жол менен спирт ичимдиктерин алып өтүүгө аракет кылгандар колго түштү

Шектүүлөр. Сүрөт: УКМК

Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрь күнү Лейлек районунда коңшу өлкөдөн Кыргызстандын аймагына спирт ичимдиктерин мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

УКМКдан белгилешкедей, чек ара сызыгына жакын жайгашкан Алга айылында УАЗ «Хантер» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаада кыргызстандык эки киши спирт ичимдиги куюлган 3 челек алып баратканы аныкталган.

«Аткезчилик жол менен алып бараткан 1000 литр спирт ичимдигинин 600 литри мыйзамсыз болгон», — деп белгилешти атайын кызматтан.

Учурда маалымат териштирилип жатат.

Үстүбүздөгү жылдан 15-16-март күндөрү Баткен районунда чек ара аркылуу Өзбекстандан Кыргызстанга 14 тонна кызылча жана бир тонна чамгыр алып кирүүгө аракеттенгендер кармалган. Чек ара кызматынан мөмө-жемиштердин жалпы баасы 700 миң сомду түзгөнүн белгилешти.

Автору: Акылбек кызы Айпери