Баткенде аткезчилик жол менен мөмө-жемиш жана күйүүчү май ташыган айдоочулар кармалды

Иллюстративдик сүрөт

УКМКнын Чек ара кызматы 15-16-март күндөрү Баткен районунда чек ара аркылуу аткезчилик жол менен жүк алып өтүүгө аракеттенген бир нече айдоочуну кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, алгач чек арачылар 15-мартта Баткендин Кызыл-Кыяк аймагында DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусун жана шеригин кармашкан. Алар Өзбекстандан Кыргызстанга 14 тонна кызылча жана бир тонна чамгыр алып кирүүгө аракеттенишкен.

Чек ара кызматынан мөмө-жемиштердин жалпы баасы 700 миң сомду түзгөнүн белгилешти.

Ал эми 16-мартта Баткендин Кара-Бак аймагындагы Исфара — Ляккан эски унаа жолунда Daewoo Labo унаасынын 27 жаштагы айдоочусу кармалган. Ал Тажикстандын аймагына 700 литр күйүүчү май алып кирүүнү көздөгөн.

Басма сөз кызматтан факты каттоого алынып, кармалган жарандардын унаасы жүгү менен териштирүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилгенин белгилешти.

21-февралда чек арачылар Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстанга 28 сыналгы мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген тургунду кармашкан. Алдын ала маалыматка ылайык, аткез жүктүн баасы 300 миң сомду түзгөн.