Экономика министрлиги: Кыргызстандан ЕАЭБдин сыртына тактай сатылуусу мүмкүн эмес

Экономика министрлиги Кыргызстандан ЕАЭБдин бажы аймагынын сыртына тактай сатылуусу мүмкүн эмес деп билдирди. Министрлик мындай билдирүүнү журналисттердин Кыргызстан Беларуска ЕБдин санкциясын буйтап өтүүгө көмөктөшүп жатат деген эл аралык иликтөөсү чыккан маалда жасады.

Министрликтен белгилешкендей, Кыргызстан республикадан ЕАЭБдин аймагынан жыгач материалдарын сыртка ташууга маал-маал менен жарым жылга тыюу салып келет. Бул чара Орусиядан бажы төлөмүсүз алынып келип жаткан тактайлар үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетпеши үчүн көрүлөт.

Ошондой эле, Экономика министрлиги тыюу бир гана Орусиядан келген жыгачка гана эмес, башка чет өлкөлөрдөн келген материалдарга дагы тийиштүү деп билдирди.

«Кыргыз» тактайын сатуу боюнча иликтөө

2022-жылы март айында Евробиримдик беларус жыгачын жана арааланган тактайларын импорттоого тыюу салган. Санциялар күчүнө кире баштаганда Казакстандан Евробиримдикке экспорттоо 74 эсе өсүп, ал эми Кыргызстандыкы болжолдуу 18 миң эсе жогорулаган.

Иликтөөдө берилгендей теги беларустук кыргызстандык фирмалар санкцияга кабылган продукцияны жасалма документ менен Евробиримдиктин аймагына түз жеткирүүнү сунуштап жатат. Журналисттер дал ушундай компаниядан үчөөнү аныкташты.

Репортёрлордун эсеби боюнча, беларус тактайын Кыргызстан жана Казакстан аркылуу ЕБге кыйыр реэкспорт кылуу схемасы анын уюштуруучуларына 30 млн еврого жакын пайда берген. Бул бизнеске мурдагы беларус чиновниктери да кошулган.

Тема боюнча:

Токойчу балдар. Кыргызстан Беларуска ЕБдин санкциясын буйтап өтүүгө кантип көмөктөшүп жатат?