Бишкектеги ыш: Экоактивистер Жаңы жылда салют аттырууга каршы

Movegreen экоуюмунун активисттери Жаңы жыл күнү Бишкекте салют аттырууга каршы. Бул тууралуу алар соцтүйүндөгү барактарына жазып чыгышты.

«Бишкек шаардык мэриясы жаңы жылдык салютка дээрлик миллион сом коротуу менен абанын булгануусун күчөтөт. Бирок шаардыктар талап кылса, мэрия салют сатып алууну токтотушу мүмкүн», — деп белгилешти алар.

Экоактивисттер шаар тургундарын социалдык тармактарда Бишкек шаардык кеңеши жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигин белгилөө менен «каршы пикир» калтырууга чакырышты.

Буга чейин Бишкек шаардык мэриясы Жаңы жылдык салют уюштуруу боюнча тендер жарыялаган. Мэрия ал үчүн 900 миң сом коротууну көздөп жатканын айткан.

Өткөн эки жылда калаа муниципалитети экологиялык абалга жана коронавирус пандемиясына байланыштуу Жаңы жылга карата салют аттыруудан баш тартып келген. 2021-жылы мэриядагылар ыштын айынан «ансыз да начар болуп турган экологиялык абалды начарлатууну туура эмес» деп айтышкан.

Анда чиновниктер салютка делген каражатты башка муктаждыктарга, мисалы, аз камсыз үй-бүлөлөрдөгү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын белек-бечкегине жумшашкан.Эки жылда Бишкектеги абанын булганына байланыштуу кырдаал өзгөрө элек — суук түшөрү менен борбор калаа дүйнөнүн абасы эң эле булганган шаарларынын тизмесин толуктайт.

Бишкектеги ыш

Бишкектеги ыш. Сүрөт: Каным Кыдырова / Kloop

Акыркы айларда чиновниктер менен саясатчылар ыш маселесин катуу талкуулап жатышат. Бирок бул сөздөр азырынча Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыровду жана экология министри Динара Кутманованы жумуштан алуу сунуштары же абанын булганганын өлчөгөн датчиктер берген маалыматтардын тактыгына күмөн саноолор менен гана чектелүүдө. Ал эми президент болсо «резина жана чүпүрөктөрдү жаккан» мончолордун ордуна жаңыларын салууну сунуштаган.

Анткен менен декабрдын башында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүү үчүн БУУдан 6,7 млрд доллар өлчөмүндө грант суроону пландап жатканы белгилүү болгон. Мындан тышкары, бийлик электро энергиясын импорттоо үчүн 25 млн доллар кредит алганы да маалым.

Октябрдын аягында БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ыш тууралуу изилдөөсү менен тааныштырган, ага ылайык, жеке үйлөрдү жылытуу максатында пайдаланылган көмүр Бишкекте абанын булганышынын негизги себеби болуп эсептелет. Ошондой эле калаада абанын булгануусуна сапатсыз бензин жана жыш жайгашкан курулуштар себеп экени айтылган.

Ошондой эле, ЮНИСЕФ жакында «Абанын булганышынын Бишкектеги аялдар жана балдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектисине тийгизген таасири» деген аталыштагы изилдөөсүн жарылаган.

Ага ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнуна чейин ыштын таасири 112 кишинин өлүмүнө алып келген. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинен мындай сандар боюнча күмөнү бар экенин жана так маалыматтарды сурап ЮНИСЕФке кайрылышканын айтышкан.

Автору: Каным Кыдырова

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектеги ыш: Мэрия жаңы жылдык салютка 900 миң сом короткусу келет