Кыргыз спортчулары каратэ-до боюнча Ташкенде өткөн Азия чемпионатында алты медаль утушту

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт департаменти

Кыргызстандын карате-до боюнча курамасы Өзбекстанда өткөн Азия чемпионатында алты медалга ээ болду.

Турнирге жалпы 37 кыргыз спортчусу катышты. Алардын экөө алтын, бирөө күмүш, үчөө коло медаль утушту.

Алтын медалга 21 жашка чейинкилер арасында 50 килограмм салмактык категорияда күч сынашкан Умида Айсаева жана 75 килограмм салмактык категорияда беттеш өткөрөн Назим Нурланов ээ болду.

Ал эми чоңдор арасында 61 килограмм салмактык категорияда таймашкан Кымбат Тойтонова күмүш медаль утту.

Кадеттер арасында 63 килограмм салмактык категорияда күч сынашкан Кадыр Үсөнбеков жана 54 килограмм салмактык категорияда беттеш өткөргөн Даткайым Байжигитова коло медаль тагынды. Ушундай эле байгеге өспүрүмдөр арасында 61 килограмм салмактык категорияда таймаш өткөргөн Эрлан Акылбек уулу да ээ болду.

Чемпионат 16-20-декбрь күндөрү Ташкен шаарында өттү. Ага 28 мамлекеттен 755 спортчу катышты. Командалык эсеп боюнча Кыргызстан сегизинчи орунга татыды. Биринчи орунду Жапония, экинчи орунду Иордания, ал эми үчүнчү орунду Казакстан ээледи.

Өткөн жылы Кыргызстандын каратэ-до боюнча курамасы Азия чемпионатында тогуз медалга ээ болгон.

Автору: Айпери Акылбек кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

Азия чемпионаты: Өлкөнүн карате-до боюнча курамасы тогуз медаль багындырды