Ысык-Көл: «Акун» пансионатына берилип кеткен 371 миллион сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы «Акун» пансионатына мыйзамсыз берилип кеткен 371 миллион сомдук жер мамлекетке кайтырылды. Бул тууралуу 24- декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук соту 2008-жылы 17,65 гектар жерди пансионаттын менчигине өткөрүү боюнча чечим чыгарган. Мамлекеттик каттоо органы менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыны мыйзамсыз бергени аныкталды.

Атайын кызматтан сот чыгарган мыйзамсыз чечим боюнча иш козголуп, жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөнүн белгилешти.

«Акун» пансионаты Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Чыныбай Турсунбековдун үй-бүлөсүнө таандык.

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Чыныбай Турсунбеков 2020-жылы пневмониядан каза болгон. Анын сөөгү эртеси күнү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө коюлган.

Турсунбеков бир гана саясатчы эмес, ишкер жана акын дагы болгон. Ошол эле маалда өзүнүн жазган ырларын жыйнак кылып чыгарган. 2015-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болуп иштеп, парламенттин V жана VI чакырылышынын депутаты болгон.