Сокулук районунда өз кызын зордуктоого шектелген киши кармалды

Сокулук районунда өз кызын зордуктоого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Чүй ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, 24-декабрда Сокулук РИИБне жабыркаган кыздын энеси арыз менен кайрылган. Ал «23-декабрь күнү эртең мененки саат 7де 13 жашар кызын күчтөп зордуктаган 42 жаштагы күйөөсүнө» чара көрүүнү суранган.

Милиция «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, ал эми Сокулук райсоту шектүүнү камакка алган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Шектүү. Сүрөт: Чүй ОИИБи.

Балдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Муну менен кошо балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Июлдун аягында Ички иштер министри Улан Ниязбеков жашы жете электерге карата кылмыштардын өсүшү тууралуу билдирүү жасаган.

Көбүнесе иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдарга карата зордук-зомбулук туугандар тарабынан жасашат. Жапа чеккендердин үй-бүлөлөрү арыз жазууну чечишсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.

12-августта президент Садыр Жапаров балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөтүү боюнча мыйзамга кол койгон.

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкек шаарында балгарга жардам көрсөтүү борбору бар. Борборго +996773192099 жана +996707079597 номерлери аркылуу кайрылса болот. Жалал-Абадда дагы «Ак жол» реабилитациялык борбору иштейт, байланыш номери +996773741191.

Сиз же сиздин жакындарыңыздар зордук-зомбулукка кабылган учурда кайрыла турган кризисттик борборлордун даректери жана телефондору:

Сиз же сиздин жакындарыңыздар зордук-зомбулукка кабылган учурда кайрыла турган кризисттик борборлордун даректери жана телефондору:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек ш. Чүй проспектиси 207, 509-батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек ш. Табышалиев көчөсү 3, телефон: 0312512640;
  • «Энсан — Диамонд» Коомдук Уюму — Ош ш. Ленин көчөсү 205/105, телефондор: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу. Гүлчө айылы, Набережная көчөсү 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак журок» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • «Мээрбан» Кризистик Борбору коомдук уюму — Ош ш. Ленин 312/23, телефон: 0773843461;
  • «Тендеш» Кризистик Борбору Бейөкмөт уюму — Нарын ш. Кыргыз көчөсү 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» Коомдук фондунун астындагы «Маана» кризистик борбору — Талас ш. Тагайбаев көчөсү 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен ш. Сыдыков көчөсү 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад ш. Б.Осмонов көчөсү 113, телефон: 0372255084;
  • «Аялзат — аялдар демилгелерин колдоо» Коомдук уюму — Каракол ш. Абдрахманов көчөсү 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • Чолпон-Ата шаарындагы «Алтынай» кризистик борбору — 0709694550;
  • Каракол шаарындагы «Мээрман» кризистик борбору — 0706383637;
  • Каракол шаарындагы «Химая» аялдарга жардам көрсөтүү жана реабилитиция борбору — 0702223535 (түз линия), 0551733390.