Депутат Айдарбеков бир айдан бери кайда жүргөнүн айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков ден соолугуна байланыштуу бир айга жакын өлкөдө болгон жок. Бул тууралуу ал АКИpress басылмасына билдирди.

«Мен [өлкөдө] 23-24 күндөй болгон жокмун. Ден соолугума байланыштуу чет өлкөгө чыгууга туура келди. Бул жактан жергиликтүү адистер менен кеңешип, анализ тапшырдым, бирок эч ким так диагноз коюп, дарылоо курсун жазып бере алган жок. Дарыгерлер чет өлкөгө кайрыл деп кеңеш беришти, анан мен кайрылдым», — деди ал.

Эл өкүлү таанышынын атасынын тажиясына баруу үчүн өлкөдөн кесиптеши Эмил Жамгырчиев менен кошо чыкканын айтты. Бирок чек арада Жамгырчиевде маселе жаралып, Айдарбеков жолун улаган.

«Тажия ишемби күнү болду. Анда да менин кан басымым көтөрүлүп кеттип, жергиликтүү ооруканага кайрылууга туура келди. Алар мени ошол эле күнү жаткырып, дарылай башташты. Анан мен пландалган график боюнча андан ары кеттим», — деди ал.

Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбеков Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы болгон депутаттардын бири — жапы 18 депутат каршы добуш берген.

27-ноябрга караган түнү депутат Элвира Сурабалдиева «УКМК Эмил Жамгырчиев менен Чыңгыз Айдарбековду кыргыз-казак чек арасынан токтотуп, Жамгырчиевди кармап кеткенин» айткан. Ошондой эле ал Айдарбеков жоголуп кеткенин кабарлаган — экөө тең «Альянс» фракциясынын депутаты болгондуктан фракция лидери Жанар Акаевге кайрылган.

Кийинчерээк пландалган медициналык кароодон өтүү үчүн Айдарбековдун чет өлкөгө кеткени белгилүү болгон.

Ал эми Жамгырчиев кармалган соң Бишкекке алып келинип, коё берилгени кабарланган. 28-ноябрда Жанар Акаев «Жамгырчиевге карата козголгон кылмыш иштерин жаңылоо аракети болуп жатканын» билдирип, муну «Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча келишимге каршы добуш бергени» менен байланыштырган.

УКМКдан Акаевдин айткандарын текшеришерин белгилеп, Жамгырчиевдин кайда жүргөнүнөн кабарлары жок экенин билдиришкен.

Жамгырчиевдин жардамчысы «Клоопко» депутаттын туугандарына таянып, ал ден соолугуна байланыштуу Жумгалда экенин айткан.

Ал эми 6-декабрда Башкы прокуратура Жамгырчиевди актаган соттун өкүмүн жокко чыгарууну талабы менен Жогорку сотко кайрылган. Буга кылмыш иши боюнча жаңы ачылган жагдайлар себеп болгону айтылган.

13-декабрда депутат Сүйүнбек Өмүрзаков кесиптеши Жамгырчиевден ден соолугуна байланыштуу жыл аягына чейин эмгек өргүү алууну өтүнгөн кат алганын билдирген. Азыркы тапта УКМК депутатты издеп жатат.