Согуш, Тенгиз Бөлтүрүк жана «Буй-буй». «Клоопто» 2022-жыл ичинде көп окулган материалдар

2022-жыл бүткүл дүйнө жүзү боюнча түрдүү окуяларга бай болду, алардын баары эле кубанычтуу деп айтуу да кыйын. Кыргызстанда чек ара жаңжалы кайталанып, ондогон адамдардын өмүрүн алды. Кемпир-Абад иши деп аталган чуулгандуу окуянын шартында 30га чукул активисттер камакка алынды.

«Клооп» жылы бою окурмандарын өлкөдөгү жана дүйнөдөгү маанилүү кабарлар менен тааныштырып, дата изилдөөлөрдү, журналисттик иликтөөлөрдү жана кызыктуу репортаждарды сунуштап келди.

Жылды жыйынтыктап жатып, сайттагы окурмандардын статистикасынын негизинде эң көп окулган материалдардын топтомун аныктадык.

Январь. «Алматы шаарындагы моргдон тартылган» деген видеонун тарашы

Январь айында «Клооптун» кыргыз тилиндеги жаңылыктарынын ичинен Казакстандын «Алматы шаарындагы моргдон тартылган» деген видеонун тарашы боюнча маалымат эң көп окулган. Анда коңшу өлкөдөгү митингдер учурунда «ондогон киши каза тапканы» маалымдалат.

Видеонун автору каза тапкан кишилердин беттерин ачып көрсөтүп, алардын арасында жаш жигиттер бар экенин белгилеген. Автордун айтымында, демонстранттар көкүрөк тушуна жана баш сөөгүнө ок жеп каза табышкан. Болжол менен тасмада он бештей кишинин сөөгү жатканын көрүүгө болот.

Январда Казакстандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары башталган. Митингдердин катышуучулары алгач суюлтулган газдын баасы кымбаттаганына нааразы болуп, кийин өкмөттүн отставкасын да талап кылган. Ошондой эле Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевди кол тийбестиктен ажыратуу талабы да айтылып, «Чал, кет!» деген лозунг байма-бай кайталанган. Натыйжада, нааразылык акцияларынын шартында Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Тиешелүү чечимди президент Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

Февраль. Эдил Байсаловдун өлкөдө пенсия курагын жогорулатуу тууралуу билдирүүсү

Февралда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун реформанын алкагында өлкөдөгү пенсионерлердин жаш курагын жогорулатуу тууралуу билдирүүсү эң көп окулган.

Байсалов бул тууралуу 17-февралда Социалдык фонддун пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу демилгесин талкуулоо боюнча парламенттин жыйынында айткан болчу.

«Пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу керек — бул дүйнөлүк практика, биздин кошуналар да ушул кадамга барышты. [Бирок биз баарын таразалап көрүп чечим кабыл алышыбыз керек]», — деген ал.

Март. «Кийим-кечени чогултканга гана үлгүрдүк». Эмне үчүн орус жарандары Кыргызстанга келип жатат?

Март айында Орусия Украинага толук масштабдуу кол салгандан кийин Кыргызстанга качып келген орус жарандары тууралуу материал эң көп окулган. «Клооп» согуштан улам убактылуу Бишкекке келген орусиялык бир нече киши менен маектешкен.

Респонденттер — IT адиси, Head Hunter компаниясында java-иштеп чыгуучу, блокчейн-иштеп чыгуучу — Орусиянын аймагынан чыгып кетүүсүнүн себептерин айтып беришкен. Алар согуштан улам пайда болгон ыңгайсыздыктарга токтолуп, туруксуз саясий абал тургундарга бир топ маселе жаратканын белгилешкен.

Апрель: Сүннөткө отургузууда каза болгон баланын өлүмүнүн себеби айтылды

Апрелде Бишкектеги балдар ооруканасында сүннөткө отургузуу учурунда жети жаштагы бала каза болгону тууралуу кабарды көп окушкан. Балага Улуттук госпиталда анестезия жасалып сүннөткө отургузулган. Андан кийин бала «Платтер синдрому диагнозу менен жарааттан кан токтобой» №3 балдар ооруканасына түшкөн. Ал жерден жети жашар бала эсине келбей көз жумган.

Баланын өлүмүн иликтеген комиссиянын төрагасы, хирург Талант Өмүрбеков Kaktus Мedia басылмасына наристеге балдар үчүн ылайыкталбаган ооруканада, балдар адистери жана анестезиологдор жок шартта операция жасалганын билдирген.

Хирургдун айтымында, дарыгерлер баланы алдын ала медициналык даярдыктан өткөрүшкөн эмес, ошондуктан ал катуу стресс алган.

Май. Жапаровдун Айт намазга кийип барган 1000 евролук күрмөсү

Май айында президент Жапаровдун Айт намазга кийип келген күрмөсү тууралуу кабар алдыга чыккан. Factchek.kg басылмасынын маалыматына ылайык, президенттин жонундагы күрмө италиялык Paul&Shark брендине таандык болушу мүмкүн. Мындай күрмөнүн баасы бренддин расмий сайтында 1 014 евро же 87 600 сом деп көрсөтүлгөн.

Садыр Жапаровдун кийимдери дайыма талкууга жем таштап келет. 2020-жылдын октябрында соцтүйүндөрдүн колдонуучулары Жапаров баасы 3 миң доллар болгон Kiton бренддик кемселин (чыптамасын) кийип жүргөнүн байкашкан. Ал убакта Жапаров президенттин милдетин аткарып жаткан болчу.

2021-жылдын жайында Жапаров италиялык Stefano Ricci брендине таандык спорттук кийимин кийип, Түркмөнстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин бейформал жолугушуусуна катышкан.

«Регион ТВнын» журналисти Жапаровдон кийимдеринин баасы тууралуу сураган. Анда Жапаров костюмдарды жубайы Айгүл сатып аларын, айрым достору жана туугандары өлкө башчыга кийим-кече белеке берип турарын айтып жооп берген.

Июнь. Кабыргасы, акырек сөөгү сынган. Асанбаевдин тууганы сөөктү ачууда эмнелерге күбө болгонун айтты

Июнда УКМКнын абагында асынган абалда табылган банк кызматкери тууралуу кабар окулган. 18-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында «Айыл Банк» ААКтын кредиттик тескөө бөлүмүнүн башчысынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынган абалда табылган. Ал апрель айынан тартып коррупция ишине байланыштуу ТИЗОдо камакта болчу.

Материалда Бакыт Асанбаевдин бир тууганы Талант Асанбаев маркумдун кабыргасы, акырек сөөгү сынганын жана чыканагында көк ала тактар бар экенин айтып берген.

Анын айтымында, өзү жана адвокаты Нур Кылычбаева сөөктү ачууга катышып, маркумдун жаракаттарына күбө болушкан. Ал Асанбаев өз жанын кыймак эместигин, ага эч кандай себептер жок болчу деп белгилеген. Маркумдун артында 4 баласы калган.

Июль. Ош шаарында кайгуул кызматы 31 жаштагы аялдын өмүрүн сактап калышты

Июлдун аптаптуу күндөрүндө Ош шаарында милициянын кайгуул кызматы бешинчи кабаттан боюн таштоого аракет кылган 31 жаштагы аялды куткарып калганы тууралуу кабар көп окулган.

Шаардык милицияга окуя тууралуу Кулатов кичи районунун тургуну кабар берген. Милициянын кайгуул кызматкерлери ылдыйда аялды алаксытып турганда, дагы бир кызматкер бешинчи кабаттагы батирге кирип, аялды куткарып калууга үлгүргөн.

Август. Италиялык блогер жана плагиатка айыптоо. «Буй буй» ырынын айланасындагы чуу

12-июлда италиялык тиктокер Алессандро Карузо Токторовдун «Буй буй» ырына бийлеп видео жүктөгөн. 600 миңден ашык катталуучусу бар блогер жүктөгөн видео 4 млн жолу көрүлгөн. Видеону көпчүлүк сыймыктануу менен кабыл алган.

Кийинчерээк журналист Элмира Мадиева ырдын түп нускасы башка экенин айтып чыккан. Мадиева ырдын түп нускасы катары Bensonhurst Blues ырын атаган. Чыгарма америкалык музыканттар Арти Каплан жана Арти Корнфилдге таандык, 1971-жылы чыккан.

«Биз» тобунун солисти Бактияр Токторов ырдын айланасындагы ызы-чуу боюнча «Клоопко» комментарий берип, ырга 2007-жылы патент да алганын айткан.

«Ыр өзүмдүкү. Негатив айтыла берет. Негизгиси ырдын сөзү да, обону да, аранжировкасы да меники. Өзүм ырдагам», — деген ал.

Сентябрь. Жалал-Абадда өз жанын кыйган аял кат жазып кеткен

Сентябрда эң көп окулган кабар Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кара-Ой айылында асынган абалда табылган 29 жаштагы келин жөнүндө.

Өз жанын кыйган келин кат жазып калтырганын облустук милициянын басма сөз кызматы билдирген. Аял үйүндөгү толук бүтө элек бөлмөдөгү жыгач тирөөчкө жоолук байлап муунуп алган.

Катта «Ким жаман жүрсө, башканы да ошондой ойлойт. Чыныгы дагир (сойку-ред.) келин алып, өлгүчө ар кимдин астынан таап келип жашатып кал» деп жазылган.

Көз карандысыз журналист Ыдырыс Исаков маркумдун жакындарынан комментарий алган. Анда аялдын ата-энеси кызына кайын энеси зулумдук көрсөтүп жүргөнүн белгилешкен. Алардын айтымында, келиндин каты кайын энесине багытталган болушу мүмкүн.

Октябрь. «Мени эки жылдан бери коркутуп келишет». Тенгиз Бөлтүрүк УКМКнын ТИЗОсунан кат жазды

Октябрда эң көп окулган маалымат «Кумтөр Гол Компанинин» мурдагы тышкы башкаруучусу, жакында жоюлган «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин мурдагы төрагасы Тенгиз Бөлтүрүк тууралуу. Анда УКМКнын ТИЗОсунда кармалып турган Бөлтүрүктүн судьяга жана комиссиянын мүчөлөрүнө жазган катын жубайы Фейсбук барагына жарыялаган.

Катта Бөлтүрүк тергөө аяктаганга чейин өзүн үй камагына чыгарууну суранып, тергөө менен активдүү кызматташууну убадалаган.

«Мени эки жылдан бери коркутуп келишет, бирок мен президенттин жана минкабдын реформаларын колдоодон артка тартпайм, жана өлкөбүзгө жаңы долбоорлорду жана олуттуу инвестицияларды тартууга жардам берүүнү улантууга даярмын», — деп жазган Бөлтүрүк.

Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш ишин козгоп, компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргенин кабарлаган. Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган.

Ноябрь. Ошто ок атып, интернетке видео тараткандардын аты-жөнү

Ноябрда эң көп окулган кабар Ошто тапанча аткан видеосу тараган адамдардын аты-жөнү белгилүү богону тууралуу. Ага чейин соцтармактарда унааны чимирилте айдап, андан соң тапанча аткан кишилердин видеосу чыккан.

Милициядан алар Ош шаарынын 24 жана 29 жаштагы тургундары экени аныкталганын айтышкан. Тергөөгө жеткирилген шектүүлөрдүн бири бул жорукту «уулдуу болгонунун урматына жасаганын» билдирген.

Декабрь. Ошто түнкү рейдге чыккан ТВ кызматкеринин жардамчысын коюп кеткен айдоочу изделүүдө

Декабрдын башында Ош шаарында түнкү рейдге чыккан оператордун жардамчысын жол кайгуул кызматкерине баш ийбеген айдоочу коюп кеткен. Окуя түнкү саат 03:00 чамасында болуп, айдоочу окуя болгон жерден из жашырган.

«Унаанын номуру Бишкекте катталганына байланыштуу азырынча Оштогу айдоочусунун ким экени тактала элек. Издөө иштери жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришкен милициядан. Ал эми унаа коюп кеткен жардамчынын абалы «канааттандырарлык» экени белгиленген.