Ошто түнкү рейдге чыккан ТВ кызматкеринин жардамчысын коюп кеткен айдоочу изделүүдө

10-декабрда Ош шаарында түнкү рейдге чыккан оператордун жардамчысын жол кайгуул кызматкерине баш ийбеген айдоочу коюп кетти. Бул тууралуу Ош ШИИБдин кайгуул кызматынан билдиришти. 

Милициянын маалыматына караганда, окуя түнкү саат 03:00 чамасында болуп, айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

«Унаанын номуру Бишкекте катталганына байланыштуу азырынча Оштогу айдоочусунун ким экени тактала элек. Издөө иштери жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришти милициядан.

Учурда унаа коюп кеткен жардамчынын абалы «канааттандырарлык» экени белгиленди.