1-январдан тарта Баткен облусундагы үч айыл аймактын жана 10 айылдын аталышын өзгөрткөн мыйзам күчүнө кирди. Аталган мыйзамга президент 16-ноябрда кол койгон.
Баткендеги 13 айылдын аталышын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 2022-жылы 20-октябрда кабыл алган.
Аталыштарды өзгөртүү боюнча чечим айыл тургундарынын чогулуштарында кабыл алынып, жергиликтүү бийликтин чечимдери менен бекемделген соң, Жогорку Кеңеш бекиткен.
Мыйзамга ылайык, Марказ айыл аймагы — Айрыбаз, Халмион айыл аймагы — Исхак-Полотхан, Маргун айыл аймагы — Кең-Талаа айыл аймагы деп өзгөртүлдү.
Андан сырткары 10 айылдын аталышы төмөндөгүдөй алмашты:
- Марказ айылы — Айрыбаз;
- Валакиш айылы — Тегирмеч;
- Ноогардан айылы — Ак-Өргө;
- Халмион айылы — Жеңиш;
- Даргаз айылы — Кереге-Таш;
- Дархум айылы — Жети-Таш;
- Маргун айылы — Мурас;
- Чурбек айылы — Үч-Булак;
- Мурза-Патча айылы — Ак-Босого;
- Коммуна айылы — Сары-Дөбө.
Буга чейин 2022-жылдын 18-мартында Баткен облусуна караштуу Исфана шаарынын аталышы Раззаков болуп өзгөртүлгөн. Мындай демилгени алгач өлкө башчысы Садыр Жапаров демилгелеген.
Ал аталган демилге Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын утурлай кабыл алынган.