Депутат Тазабек Икрамов Баткенди Манас облусу деп өзгөртүүнү сунуштады

Парламент депутаты Тазабек Икрамов Баткен облусунун аталышын жергиликтүү элдин каармандыгына арнап Манас облусу деп өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Депутат каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Ошондо эле ал мамлекеттен үй-жайсыз калгандарга тез арада жардам берүүнү суранды.

«Кыргызстан Баткенден башталап деп айтып келе жатабыз. Бүгүн Баткендин акыбалы ушунчалык оор болуп турганда Баткен облусунун баатыр элине туура келген болсо, облусту Манас облусу деп атоону сунуштайын деп жатам. Эгер сунушумду Баткен облусунун эли колдой турган болсо, кыргыздын башын бириктирген Манас атабыздын атын облуска берүүнү сунуштап кетет элем», — деди Икрамов.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бир канча кыргыз айылдарында жүздөгөн турак жай талкаланган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, бери эле дегенде 62 киши курман болуп, 198 адам жабыркаган.

Тажикстандын ТИМнин алдын ала маалыматына ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыргыз тарап куралуу кагылышууда болжолдуу 1,5 млрд сомдук материалдык зыян тарткан.

Садыр Жапаров 20-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп жатып, Кыргызстанда «тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар» деп билдирген.

Тажик тарап дагы окуяны агрессия деп атап, жаңжалды курчутууга Кыргызстанды айыптаган.Ал эми Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында президент Садыр Жапаровго жооп берип, «агрессия Кыргызстан тараптан болгонун» айткан.