Исфана шаарынын аталышы Раззаков болуп өзгөрдү

Баткен облусуна караштуу Исфана шаарынын аталышы Раззаков болуп өзгөртүлдү. Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров 18-мартта кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Мыйзамдын максаты көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүк калтыруу. Ошондой эле, улуттук идеологияны чыңдоо [...]», — деп айтылат маалыматта.

Исфана шаарынын аталышы Раззаков болуп өзгөртүү тууралуу демилгени алгач президен Садыр Садыр Жапаров 25-декабрда министрлер кабинетинин жыл жыйынтыгына арналган отурумунда демилгелеген.

Жапаров бул демилге Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына ишке ашырыларын айткан.

Андан кийин мыйзам долбоору даярдалып, дароо үч окуудан кабыл алынган. Раззаковдун ысымы буга чейин, шаардын аэропортуна жана Лейлек районундагы көмөк чордонго да ыйгарылган.

Исфана — Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык шаарда 30 миңге жакын эл жашайт.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда азыркы Баткен облусундагы Хорасан айылында туулган. Ал советтик партиялык ишмер жана Кыргызстандын Компартиясынын биринчи катчысы болгон.

Раззаков 1979-жылы Москвада каза болгон. 2000-жылы сөөгү Кыргызстанга алып келинип, Ала-Арча көрүстөнүнө кайрадан жерге берилген.

2010-жылы көзү өткөндөн кийин ага Кыргыз Республикасынын баатыры наамы ыйгарылган.