Президент Жапаров Исфана шаарына Исхак Раззаковдун атын ыйгарууну демилгеледи

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Исфана шаарына мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымын берүүнү сунуштады. Бул тууралуу мамлекет башчысы 25-декабрда министрлер кабинетинин жыл жыйынтыгына арналган отурумунда билдирди.

Жапаровдун айтымында, демилге Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына ишке ашырылат.

«Шайлоодо үгүт ишин Исхак Раззаковдун мекени Баткенден баштагам. Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечим кабыл алдым», — деди Жапаров.

Ошондой эле, Жапаров өз сөзүндө 2021-жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен аймагы «үч айда калыбына келтирилгенин» белгиледи. Мындан сырткары, ал облуска өзгөчө макам берилгенин жана жыл сайын мамлекет тарабынан 500 млн сом бөлүнүа турарын кошумчалады.

Исфана — Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык шаарда 30 миңге жакын эл жашайт.

Исхак Раззаков Кыргызстандын тарыхындагы белгилүү саясатчыларынын бири. Ал 1945-1950-жылдары Кыргыз ССРдин Министрлер Советинин төрагасы, ал эми 1961-жылга чейин Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон.

Быйыл Кыргызстанда Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат.