Маданият министрлиги мамлекеттик мекемелерде фонограмма менен ырдоого тыюу салды

Иллюстративдик сүрөт: Юрий Кузьминых

Кыргызстанда 1-январдан тарта мамлекеттик мекемелерде жана массалык иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Аталган буйрукка 2022-жылдын 30-декабрында Маданият министри Алтынбек Максутов кол койгон.

Маалыматка караганда, эми театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепканаларда фонограмма менен ырдоого мүмкүн эмес.

«Министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелериндеги концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр 1-январдан тартып жандуу үн менен аткарылсын», — деп айтылат министрликтин буйругунда.

Министрлик маалымдагандай, фонограмма менен ырдаган учурлар катталса жоопкерчилик ошол мекеменин жетекчилигине жүктөлөт. Ал эми буйруктун аткарылышын министр өзү көзөмөлдөй тургандыгы белгиленди.

2021-жылы февраль айында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги концерттердин афиша жана билеттеринде ырлар «фонограмма» же «жандуу үн» деп ачык көрсөтүүнү милдеттендирген буйрук чыгарган.

Ошол кездеги министр Нуржигит Кадырбеков мындай чечим министрликке караштуу мекемелерде фонограмма колдонууга толук тыюу салуудан мурунку кадам катары кабыл алынганын кошумчалаган.

Автору: Насикат Жыргалбекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Концерт койгон ырчылар эми фонограмма, же жандуу ырдай турганын белгилеши керек