Концерт койгон ырчылар эми фонограмма, же жандуу ырдай турганын белгилеши керек

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 3-февралда концерттердин афиша жана билеттеринде ырлар «фонограмма» же «жандуу үн» деп ачык көрсөтүүнү милдеттендирген буйрук чыгарды.

«Бул буйрук “Фонограммалар жөнүндөгү” мыйзамды аткарууга жана керектөөчүлөрдүн (көрүүчүлөрдүн, угуучулардын) укуктарын коргоо жана музыка искусствосун өнүктүрүү максатында, ошондой эле, чыгармачылыкка ынтызар болгон аткаруучулардын дараметин өнүктүрүүгө, аларды калың катмарга таанытуу багытын көздөп ишке ашып жатат», — деди экс-министр Нуржигит Кадырбеков.

Анын айтымында, көпчүлүк ырчылар «аппаратуранын сапаты, техникалык жабдык жана шарттар талапка жооп бербейт» деген шылтоо менен фонограммадан баш тарткысы келбей жатат.

Кадырбеков мындай чечим министрликке караштуу мекемелерде фонограмма колдонууга толук тыюу салуудан мурунку кадам катары кабыл алынганын кошумчалады.

«Фонограммалар жөнүндө» мыйзамга ылайык, маданий-массалык иш-чараларда чыккан ырчылар билет, афиша жана жарнактарда фонограмманын түрүн көрсөтүшү керек.

Бул Нуржигит Кадырбековдун министр ордунда болгон акыркы буйругу болушу ыктымал. Жогорку Кеңеш 3-февралдагы жыйынында жаңы өкмөттүн курамын бекитип, Маданият министрлигине Кайрат Иманалиев келген — ал Кадырбековдун орун басары болчу.