Эмил Молдодосов оор атлетика боюнча эл аралык турнирде күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Эмил Молдодосов оор атлетика боюнча эл аралык турнирде 2-орунду ээледи. Чемпионат ушул күндөрү Катардын Доха шаарында өтүп жатат.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, Молдодосов 89 килограмм салмакта күч сынашты. Ал жулкуп көтөрүү боюнча 162 килограммдагы штанганы көтөрүп, кичи алтын утту. Ал эми 185 килограмм оордукта түртүп көтөрүүдө жалпы 347 упайга ээ болду.

Спортчу үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болгон.

Автору: Айпери Акылбек кызы

Тема боюнча:

Эмил Молдодосов оор атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду