Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Катар Кубогунда алтын медаль утту

Кыргызстандык Бекдөөлөт Расулбеков оор атлетика боюнча Катар Кубогунда алтын медалды багынтты. Бул тууралуу соцтүйүңдөрдө Кыргызстандын Оор атлетика боюнча федерациясынын вице-президенти Уланбек Молдодосов билдирди.

Расулбеков 102 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан.

Буга чейин кыргызстандык спортчу Эмил Молдодосов да оор атлетика боюнча эл аралык турнирде 2-орунду ээлеген.

Расулбеков — оор атлетика боюнча дүйнө жана Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси. Ал 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына да катышып, алтынчы орунду камсыздаган.

Оор атлетика боюнча чемпионат 2-3-январда Катардын Доха шаарында өттү.