Милиция реабилитациялык борбордо сабалган баланын окуясын териштире баштады

Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы инклюзивдик билим берүүчү жайда майыптыгы бар баланын сабалышы боюнча иликтөө ишин баштады. Бул тууралуу «Клоопко» райондук милициянын басма сөз кызматы 4-январда билдирди.

Буга чейин соцтармактарда «борбордун тарбиячысы жашы жете элек баланы чыбык менен сабап жатат» делген видео тараган. Тасмадан аял өспүрүмдү эки колдон алып көтөрүп, бутка бир нече ирет тепкенин да көрүүгө болот.

Милициянын маалыматына ылайык, окуя № 5 кичи райондогу Brain Up инклюзивдик билим берүүчү борборунда болгон. Сабалган бала — 8 жашта. Ал аталган борбордо август айынан бери реабилитациядан өтүп жаткан.

Учурда аталган факты райондук милицияга каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кыргызстанда эң аз дегенде 197 миң адамдын майыптыгы бар. Алар үчүн инфраструктура ыңгайсыз, коомдук транспорт менен толук кандуу пайдалана алышпайт. Ошондой эле алар иш таба албай, коом тарабынан кабыл алынбай келишет.

2019-жылдын 14-мартында кыргыз бийлиги майыптардын укуктары боюнча Бириккен улуттар уюмунун конвенциясынын ратификациясына кол койгон. Кыргызстан өлкөдө жашаган 200 миңге жакын майыптардын укуктарын сактоого жана коргоого милдеттенме алган. Анткен менен азырынча бул жаатта алгылыктуу иштер аткарыла элек.

Тема боюнча:

Акыйкатчы милициядан аёосуз сабалган майыптыгы бар аялдын коопсуздугун камсыздоону талап кылды