«Бишкексууканал»: Жаңы жылдык салаттын калдыктарын, жалаяктарды канализацияга ыргытып жатышат

«Бишкексууканалдын» басма сөз кызматы акыркы күндөрү тургундар канализациялык системалары толуп калганын айтып көп кайрыла башташканын билдирди. Канализацияны тазалоо учурунда ишкананын кызматкерлери желим баштыкка оролгон Оливье салатын, жалаяктарды, айнек банкаларды жана башка тиричилик калдыктарын табышкан.

«Кымбаттуу шаардыктар жана шаардын коноктору! Катуу тиричилик жана тамак-аш калдыктарын канализацияга ыргытпаңыздар. Бул түтүктөрдү дароо толтуруп салат, себеп дегенде тармактар чарба-тиричилик суюктуктары агышы үчүн гана ылайыкталган», — деп үндөштү «Бишкексууканалдын» кызматкерлери.