Өзбекстанда дагы сегиз бала «Док-1 Макс» дарысынан жабыркаганы айтылды

Сүрөт: Podrobno.uz

Өзбекстанда дагы сегиз бала жөтөлгө каршы «Док-1 Макс» дарысынан жабыркады. Бул тууралуу 4-январда UzDaily басылмасы Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигине таянып билдирди.

Маалыматка караганда, Сырдарыя облусунда жети бала «Док-1 Макс» сиробунан жабыркаган. Алардын төртөө айыгып, ооруканадан чыгарылды, ал эми үч бала жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин Сырдарыя облусундагы өкүлү Олтиной Эсонова «жабыркаган балдарда курч респиратордук оорунун белгилери, анын ичинде курч нефрит, бөйрөк жетишсиздиги, анурия жана башка белгилер байкалганын» айткан.

Ошондой эле Фергана облусунда дагы үч жашар бала аталган сироптон «катуу ууланган» деген диагноз менен ооруканага алып келинип, реанимация бөлүмүнө түшкөн. Бейтаптын абалы оор экени айтылган.

Өзбекстандын расмий маалыматына ылайык, буга чейин Индиянын Marion Biotech өндүрүүчүсү чыгарган сироптон жабыркаган жалпы 22 баланын 19у көз жумган. Дары-дармектин партиясынын курамында этиленгликол заты медициналык регламентте каралган нормадан 300 эсе көп экени маалым болгон.

«Док-1 Макс» жана «Амбронол» препараттарынын сапатын көзөмөлдөө жана стандартташтыруу лабораториясынын текшерүүсүндө, ченемдик документте көрсөтүлгөн курамдын ортосунда дал келбестик аныкталган. Мындан улам Өзбекстандын Саламаттык сактоо министри Амрилло Иноятов дарыканаларга 2022-жылы Quramax тарабынан алынып келинген бардык дары-дармектерди сатууну токтотууну тапшырган.

Аны менен катар ошол кездеги министр Бехзод Мусаев каза болгон балдардын ата-энелеринен кечирим сурап, Улуттук коопсуздук кызматы тергөө баштаган.

Индия өкмөтү Өзбекстанда 19 баланын өлүмүнөн кийин Marion Biotech компаниясына каршы кылмыш ишин козгогон. Компания жөтөлгө каршы «Док-1 Макс» дарысын чыгарууну токтоткон.

Кыргызстанда тыюу салынды

Көңшу өлкөдө түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен 2022-жылдын 23-декабрынан тарта Кыргызстандын аймагында аталган дарыны сатуу убактылуу токтотулган. Аны менен катар үлгүлөр анализ жүргүзүү үчүн Борбордук контролдоо-аналитикалык лабораторияга жөнөтүлгөн.

Аталган препарат парацетамол, гвайфенезин, фенилэфрин сыяктуу активдүү заттарды камтыйт. Ысытма, баш оору, тамак оору, жөтөл менен коштолгон курч респиратордук вирустук инфекцияларга жана сасык тумоого каршы көрсөтүлгөн.

«Док-1 Макс» таблетка жана сироп түрүндө чыгарылып, Кыргызстанда 2018-жылы катталган. Акыркы жолу 2021-жылы импорттолуп, 2022-жылы өлкөгө импорт болгон эмес.