ӨКМ: Өлкөдө 11-январдан тарта катуу суук болушу күтүлүүдө

Бишкек. Сүрөт: Найзабек Мукамбетов / Kloop

11-январдан тарта өлкөдө аба ырайы кескин төмөндөп, катуу суук болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы эскертти.

Министрлик жолдор тоңуп, тайгалак болорун жана кар күрткүсү күтүлөрүн белгилеп, ызгардуу суук унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатаарын билдирди.

«Бул күндөрү үйүңүздү жылуулап, малды жайытка чыгарбастан, сарайда кармаңыз. Алыска сапарга чыгууну, тоолордо эс алууну башка күндөргө жылдырыңыз», — деп белгилешти министрликтен.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 10-11-январда өлкөнүн айрым аймактарында мезгил-мезгили менен кар, жамгыр жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Коңшу Өзбекстанда катуу суукка байланыштуу мектеп, лицей жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн кышкы эс алуу 9-январдан 17-январга чейин узартылды.

Ал эми Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинен кышкы эс алуунун узартылып-узартылбашы 9-январда белгилүү болорун белгилешти. Өлкөдө мектеп окуучулары 11-январдан тарта окуп башташат.