Кыргызстан аскердик кубаттуулугу жагынан дүйнөдө 107-орунду ээледи

Кыргыз армиясы. Сүрөт интернеттен алынды. 

Кыргызстан аскердик кубаттуулугу жагынан дүйнөдө 107-орунду ээледи. Бул тууралуу дүйнө мамлекеттеринин куралдуу күчтөрүн баалаган Global Firepower аналитикалык борборунун рейтингинде айтылат.

Аталган борбор 145 мамлекеттин калкынын жана армиясындагы жоокерлердин санын, аскердик техникасын, коргонуу тармагына бөлгөн каражатын салыштырып, өз талдоосун жарыялаган.

Өткөн жылы Кыргызстан ушул эле рейтигде 90-орунда болчу.

Жаңыланган рейтингде коңшу Өзбекстан 62-орунга, Казакстан 63-орунга ээ болду. Ал эми Түркмөнстан 82-орунга татыса, Тажикстан 120-орунду камсыздады.

Аскердик кубаттуулугу жагынан эң күчтүү делген алдыңкы үчтүккө АКШ, Орусия жана Кытай кирди. Ал эми армиясы күчтүү 10 мамлекеттин катарында Индия, Япония, Түштүк Корея, Франция, Улуу Британия, Бразилия жана Пакистан бар.

Кыргыз армиясы жана жаңы аскердик техникалар

Садыр Жапаров бийликке келгенден бери кыргыз армиясын реформалоо керектигин белгилеп келет.

Өткөн жылдын 20-декабрында ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен жолугуп, өлкө армиясы жакшыртылып жатканын айткан.

2021-жылы Чек ара кызматы «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттары менен жабдылган. Бирок аларга канча каражат сарпталганы белгисиз бойдон калган.

Ошол эле жылы 21-октябрда Чек ара кызматы Дубайдан сатып алынган 40 брондолгон жолтандабас менен камсыздалган. Ташиев ал техникага мамлекеттик бюджеттен 300 млн сомго чукул каражат сарпталганын айткан. Ошондой эле, ал аскерлер үчүн снайпердик куралдар жеткирилгенин белгилеген.

Анда Ташиев Кыргызстан Орусиядан «Орлан-10» аскердик дрондору да аларын кошумчалаган болчу.

Ал эми 2022-жылдын 25-мартында президент УКМКга жана Чек ара кызматына жаңы аскердик техникаларды тапшырган. Анда мамлекеттик чек араларды коргоого бюджеттен 3 млрд сом бөлүнгөнү да кабарланган.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 58 өрт өчүрүүчү машина сатып алынган. Министрлик башка да техникаларды сатып алууга 300 млн сом жана тик учак алууга 2 млн евро алган.

Тема боюнча:

Садыр Жапаров: Армия бюджеттин эсебинен жакшыртылат