Бийлик Ташиев сүрөткө түшкөн «Байрактар» тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана президенттик администрациянын басма сөз кызматы «Клоопко» УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев сүрөткө түшкөн «Байрактар» учкучсуз учактары тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

«Клооптун» журналисттери бул учкучсуз учактарды Кыргызстан кандай шартта жана канча санда сатып алып же албаганын билүүгө аракет кылышты. Бул тууралуу бир дагы мамлекеттик ведомство расмий маалымат жарыялаган жок.

Президенттин басма сөз кызматы маалыматты журналисттердин суроосун жоопсуз калтырып, маалыматты УКМК берет деди. Бирок атайын кызмат дагы комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал арада учкучсуз учактарды чыгарган Түркиянын Baykar IG биринчи технологиялык компаниясы 12-октябрда Түркиядагы «Оздемир Байрактардын» Улуттук технологиялык борборуна кыргыз делегациясы келгенин инстаграм барагына жарыялады. Делегациянын курамында минкабдын башчысы Акылбек Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ошондой эле минкаб төрагасынын кеңешчиси Нурлан Сулайманов (мурдагы транспорт министри) жана транспорт министринин орун басары Таабалды Тиллаев болгон.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбук барагына «Байрактар Акынжы» (Bayraktar Akıncı) учкучсуз учактарынын жанында түшкөн сүрөт жүктөп, « "Акынжы" биздики! Боордош элибизге ыраазычылык!» деп жазган.

Сүрөттөрдүн биринде Ташиев учкучсуз учактарды чыгарган түркиялык Baykar компаниясынын башкы директору Халук Байрактар менен турат.

«Байрактар Акынжы» — бул түркиялык чабуул коюучу учкучсуз учактар, аны Түркия 2021-жылы куралданууда пайдалана баштаган. «Акынжы» — сокку уруучу дрон. Жүк көтөрүмдүүлүгү 1 миң 350 килограмм, анын ичинде 400 килиограмм ички жана 950 килограмм тышкы жүктү түзөт. Дрондо ар биринин кубаттуулугу 450 ат күчүнө жана максималдуу учуу салмагы 5,5 тонна болгон эки турбовинттүү кыймылдаткычы бар.

Кыргызстанда Baykar компаниясы чыгарган учактар буга чейин да бар болчу — «Байрактар TB2». Алар Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө 2021-жылы кошулган. Президенттин басма сөз кызматынан алар республикалык бюджеттеги каражатка сатып алынганын билдиришкен, бирок канча «Байрактар» сатылып алынганын жана ага канча каражат коротулганы ачыкталган эмес. Кийинчерээк батыштык маалымат булактарында Кыргызстан Түркиядан үч даана учкучсуз учак алганы тууралуу маалыматтар пайда болгон.

Мурдараак Тажикстан сентябрдын ортосунда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы ири масштабдуу куралдуу кагылышта Кыргызстан учкучсуз учактарды колдонду деген. Кыргыз тарап бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да эмес.