Жапаров мамлекеттик чек араны коргоо үчүн УКМКга аскердик техникаларды тапшырды

Президент Садыр Жапаров 25-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Чек ара кызматына мамлекеттик чек араны коргоо үчүн жаңы аскердик техникаларды тапшырды.

Техникаларды тапшыруу учурунда Жапаров кыргыз армиясын камсыздоо экономикадан көз каранды экенин айтты.

«Бүгүнкү иш-чара дагы дал ушул мамлекеттик коопсуздукка байланыштуу болуп, Чек ара кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы техникаларды тапшыруу алдында турабыз. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, мамлекеттик коопсуздук чек арадан башталат. Бүгүнкү күндө заманбап техникалардын болушу өтө маанилүү фактор болуп саналат. Мына ошондуктан чек арачыларыбызды заманбап техника жана жаңы технологиялар менен камсыз кылууну улантып жатабыз», — деди Жапаров.

Ал 2022-жылы мамлекеттик чек араларды коргоого бюджеттен 3 млрд сом бөлүнгөнүн дагы кошумчалады.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 58 өрт өчүрүүчү машина сатып алынды, ведомство башка да техникаларды сатып алууга 300 млн сом жана тик учак алууга 2 млн евро алат.

Жапаров 2021-жылдын октябрында дагы УКМКнын чек ара кызматына техникаларды тапшырган. Анда ведомство 40 брондолгон жолтандабас алган.

Президенттин администрациясынан техника бюджеттик каражаттарга алынганын билдиришти.