Техникалык жабдуу, элдик кошуун түзүү. Жапаров армияны реформалоо тууралуу

Президент Садыр Жапаров кыргыз армиясын реформалоо жана элдик кошуундарды түзүү керектигин белгиледи. Ал бул тууралуу 5-майда жаңы Конституцияга кол коюу жана Конституция күнүнө карата өткөрүлгөн иш чарада билдирди.

Жапаров Куралдуу күчтөрдө боло турчу олуттуу өзгөртүүлөрдүн эки багытына токтолду. Ал Куралдуу күчтөрдү тоолуу шарттарда аскердик операцияларды жүрүгүзө ала тургандай, технологиялык жактан толук жабдылган атайын бөлүктөрдүн принцибине ылайык уюштуруу керек экенин билдирди. Андан тышкары элдик кошуундарды түзүү керектигин кошумчалады.

«Элдик кошуундарды түзүүгө өтөбүз. Бул система чек ара аймактарында жашаган элдин жогорку мобилизациялык даярдыгын, аскердик коркунучтар жана кол салуулар маалында олуттуу күчтөрдү топтоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат», — деди ал.

Жапаровдун айтымында, башкаруу системасы өзгөрбөсө аныкталган иш аракеттердин планы ишке ашпайт. Ал эми жаңы Баш мыйзам мындай өзгөрүүнүн пайдубалын түптөйт, андан сырткары президент жана өкмөттүн аппаратынын бири-бирин кайталган функциялары жоюлат.

Чек арадагы чыр-чатактын кесепети

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак 28-апрелде башталган. Ок атуудан кыргыз тараптан 35 киши каза таап, 183 киши жарадар болгон.

Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунан жалпы 33 миңден ашуун киши эвакуацияланган. Алардын ичинен 14 246сы чоң кишилер болсо, 19 142си жаш балдар.

Соңку маалыматка ылайык, чек арадагы жаңжалда 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан.

Буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү ок атуулардан облус боюнча жалпы 130 объект өрттөлгөнүн билдирген.

Тажик тарап жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу расмий маалымат бере элек. «Азаттыктын» тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 18 киши каза болуп, 90у жарадар болгонун билдирген.