Кытай өлкөгө киргендерге милдеттүү карантин жана ПЦР-тест тапшырууну жокко чыгарды

9-январдан тартып Кытай чет өлкөлүк жарандарга карата милдеттүү карантин жана ПЦР-тест тапшыруу эрежесин жойду, ошентип үч жылга созулган COVID-19га «таптакыр жол бербөө» саясаты жокко чыгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Ошондой эле өлкөдө чет элдиктер үчүн кадимки виза, ошондой эле убактылуу жашоого уруксат берүү жандандырылды. Кыргызстандыктар Кытайга кирүү үчүн виза алышы керек.

Андан тышкары, Кытайда өлкөгө кирүү үчүн КЭРдин чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринен милдеттүү ден-соолук QR-код алуу талабы да жокко чыгарылды. Ошол эле учурда, Кытайга учак менен келген жүргүнчүлөр бет кап кийүүгө милдеттендирилет.

ПЦР-тест жоюлганына карабай, өлкөгө киргендер COVID-19дун терс натыйжасы бар, акыркы 48 саат аралыгында жасалган тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

Ошондой эле, кытай бийлиги бажы декларациясында өздөрүн начар сезип жатканын айткан же коронавирустун кандайдыр белгилери болгон жүргүнчүлөр антигендик тесттен өтүшү керек болорун кошумчалады. Тест оң чыккан учурда аларга үй карантини же мекемелер аралык ооруканада дарылануу сунушталат.

«Таптакыр жол бербөө» саясатынын жокко чыгышы

Кытайдын бийлиги 2022-жылдын ноябрындагы бир нече шаарларында ковидге каршы чаралардан улам нааразычылыктардан кийин бир топ катаал чараларды жойгон. Өлкө дээрлик үч жыл бою «таптакыр жол бербөө» деп аталган саясат менен жашады. Ага ылайык, кичине болсо да эпидемиянын таралуу ыктымалдуулугу пайда болсо катаал текшерүүлөр жүрүп, локдаун жарыяланып, шаарлар толугу менен карантинге жабылат».

Буга эң көрүнүктүү мисал — ушул жылдын жазында болгон Шанхай шаарындагы локдаун. Анда 26 миллион калк жашаган шаардын тургундарынын көпчүлүгү үйлөрүндө жана атайын мекемелерде камалып калышкан. Буйрутма аркылуу үйлөргө тамак-аш ташыган кызматтар жетише албагандыктан айрым тургундар ачка калган. Шанхайдагы локдаун 2,5 айга созулган.

Ковидге каршы чаралар жоюлгандан кийин өлкөдө илдетти жугузуп алгандардын саны кескин өсүп кеткен. Расмий эмес маалыматтарга ылайык, декабрь айынын алгачкы үч аптасында эле 248 млн киши, башкача айтканда Кытайдын 18% калкы илдет жугузуп алган. Ооруканалар толуп, кремаротийлер сөөктөрдү өрттөөгө жетишпей жатат деген маалыматтар айтылган. Серепчилердин баасында, Кытайда коронавирустан улам жүз миңдеген киши каза болгон — күн сайын 9 миңдей адам.

Ошол эле учурда, расмий маалыматтарга ылайык, сөз он миңдеген ооруну жугузгандар тууралуу гана болуп жатат. Кытай бийлиги эмне үчүн экенин түшүндүрбөй эле 24-декабрда бул маалыматтарды жарыялоону токтоткон.

Бул маалыматтардын шартында АКШ, Индия, Тайвань жана Италия сыяктуу айрым өлкөлөр Кытайдан келгендерди текшерүүнү катаалдаштыруу боюнча чараларды киргизген. КЭРден келгендердин баарынан ковид боюнча тест алуу милдеттендирилген.

Декабрдын аягында Италиянын la Repubblica гезити Милан аэропортунда Кытайдан учуп келген учактагы жүргүнчүлөрдүн 52%нан ковид аныкталганын жазган. Кытай бийлиги КЭРден барган жарандарды милдеттүү түрдө ковидге каршы тесттен өткөрүүнү бөлүп-жаруучулук жана жол берилгис деп атап, жооп иретинде чараларды киргизүүнү убадалаган.