Баткендеги БМП катышкан авария: Ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат, эч кимге айып тагыла элек

2022-жылы сентябрь айында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылыш учурунда БМП катышкан жол транспорт кырсыгынын фактысын Аскер прокуратурасы иликтейт. Бул тууралуу «Клоопко» 10-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Көзөмөл органынан кылмыш иши «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен козголуп, учурда иш Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө экенин белгилешти. Трасологиялык экспертиза (адистер тарабынан далил буюмдарды изилдөө) дайындалып, иш териштирилүүдө.

Башкы прокуратурадан бул иш боюнча азырынча экспертизанын жыйынтыгы даяр боло электиктен эч кимге айып тагыла электигин кошумчалашты.

ЖМКнын маалыматына ылайык, БМП катышкан жол кырсыгы 2022-жылдын 16-сентябрында Баткен облусундагы Бужум айылында, тургундарды эвакуациялоо учурунда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, БМП Hyundai Porter менен кагышкан. Hyundai Porter’де отурган жети бала жана беш киши каза тапкан. Тургундарды эвакуациялоодо жол транспорт кырсыгына кабылып 12 адам каза тапканын Министрлер кабинетиндегилер дагы бышыкташкан.

Баткендеги куралдуу жаңжал

2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болгон. Атышуу болгон аймакта жашаган 140 миңден ашык адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

Жаңжалда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, бери эле дегенде 63 киши курман болгон, анын 48и аскер кызматкерлери болгон жана дагы 206 адам жарадар болгон.

Тажикстандын ТИМнин расмий маалыматында ылайык, кагылышуу учурунда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашууну жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киш экенин жазган.

Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.