Чек арада курман болгон 63 адамдын 48и аскер кызматкери болгону айтылды

Баткен району, 2022-жылдын сентябрь айы. Сүрөт: Айбике Адилет кызы/Kloop

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында каза тапкан 63 адамдын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр болгон. Бул тууралуу 19-октябрда минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Ал эми жаракат алган 206 адамдын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар экени айтылды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты «агрессияга жана аскердик кол салууга» айыптады. Ал эми тажик тарап «эскалацияга» Кыргызстанды күнөөлөдү.

Куралдуу жаңжалда 140 миңге жакын адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Жаңжалдын кесепетинен жалпы 661 үй жабыркады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.

Президент Баткендеги үйлөрдү суук түшкөнгө чейин бүтүрүп берүү тапшырмасын берген. Учурда тургундардын айрымдары үйлөрүнө кайта элек, калгандары чатырларда жана контейнерлерде күн кечирип жатышат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектен Баткенге убактылуу жашоого контейнер үйлөр жиберилүүдө