Оштогу түнкү клубда мушташкан УКМКнын кызматкерлери иштен алынды

Ош шаарындагы түнкү клубдардын биринде мушташкан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери жумуштан алынды. Бул тууралуу 10-январда «Клоопко» УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеменин Жеке коопсуздук кызматы Оштогу Sky бар клубунда 2-январда атайын кызматтын өкүлдөрү аралашкан мушташты иликтеп чыккан.

«Натыйжада, коомдук тартипти бузгандыгы жана улуттук коопсуздук органынына шек келтиргендиги үчүн, бул окуяга катышкан улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтан алуу чечими кабыл алынган», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда аталган факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Аскердик прокуратура тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Буга чейин, 2-январга караган түнү Оштогу Sky барда кишилердин тобу мушташкан видео соцтармактарга тараган. Анда көпчүлүк адамдар белгисиз адамга кол салгандарды токтотууга аракет кылганын көрүүгө болот. Ал эми жабырлануучу жерге жыгылганда аны баш жагына тепкилешкен.

Ал окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылып, таксиге отурганда кол салуучулар ага тоскоол болуп, кайра сабашкан. Ошондой эле түнкү клубдун кире беришинде белгисиз кызды бир киши чачынан кармап, четке тарткылаганын көрүүгө болот. Ал кишини окуяга күбө болгондор токтотуп калышкан.

Окуядан кийин блогер Ринат Усупбаев Камчыбек Ташиевге кайрылып, «мушташка УКМКнын жана бажынын кызматкерлери катышканын» айткан.

Ал эми Ош ШИИБден «Клоопко» окуя боюнча буга чейин милицияга эч ким арыз менен кайрылбаганын, бирок ага карабай соцтармактарда тарап жаткан видеодогу окуя боюнча ар тараптуу иликтөө иштери жүргүзүлөрүн маалымдашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Түнкү клубдагы мушташты Аскер прокуратурасы иликтемей болду