Ош: Түнкү клубдагы мушташты Аскер прокуратурасы иликтемей болду

Ош шаарындагы түнкү клубдардын бириндеги мушташты Аскер прокуратурасы иликтейт. Бул тууралуу 4-январда «Клоопко» Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Оштогу Sky барында 2-январга караган түнү катталган. Соцтармактарга тараган видеодон топ кишилердин белгисиз адамга кол салып жаткан эки кишини токтотууга аракет кылганын көрүүгө болот. Ал эми жабырлануучу жерге жыгылганда аны баш жагына тепкилешкен.

Ал окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылып, таксиге отурганда кол салуучулар ага тоскоол болуп, кайра сабашкан. Ошондой эле түнкү клубдун кире беришинде белгисиз кызды бир киши чачынан кармап, четке такаганын көрүүгө болот. Ал кишини окуяга күбө болгондор токтотуп калышкан.

Окуядан кийин блогер Ринат Усупбаев Камчыбек Ташиевге кайрылып, «мушташка УКМКнын жана бажынын кызматкерлери катышканын» айткан.

«Күнү-түнү атайын кызматтын кызматкерлеринин жашоо-турмушун оңдоп, кийин тышкы жана ички душмандар кирип келгенде күч-кубаттуу каршылык көрсөтсүн деп даярдап, колдогон кызматкерлериңиз Ош шаарынын эс алуучу жайларынын биринде эс алуучуларды токмоктоп, кыздарды чачынан сүйрөп, сизди кайра артка тартып жатат. Менин билишимче, Бажынын кызматкерлери дагы катышыптыр. Сураныч, бул маселеге көңүл буруп коюңуз», — деген Усупбаев.

Буга чейин Ош ШИИБден «Клоопко» аталган окуя боюнча милицияга эч ким арыз менен кайрылбаганын, бирок ага карабай соцтармактарда тарап жаткан видеодогу окуя боюнча ар тараптуу иликтөө иштери жүргүзүлөрүн маалымдашкан.

Ал эми УКМКдан окуяга алардын кызматкери катышып-катышпаганын тактап жатышканын билдирдишти. Бажы кызматы да бул боюнча билдирүү тарата элек.