«Акымды төлөбөй, коркутуп жатат». Ноокатта малчы милициянын үстүнөн арыз жазды

Сүрөт: Интернеттен алынды

Ош облусунун Ноокат районунун тургуну 3 жылдык эмгек акысын «төлөбөй, коркутуп жаткан» милиция кызматкерине арызданган. Ал эми экинчи тарап аталган айыптардан баш тартып, учурда териштирүү жүрүүдө. Бул тууралуу 11-январда «Клоопко» Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 12-декабрда Найман айылынын тургуну Ноокат РИИБдин кызматкеринин малын «2019-жылдын август айынан 2022-жылдын январь айына чейин бакканын, бирок ал эмгек акысын бербей коркутуп жүргөнүн» айтып, милицияга арыз менен кайрылган.

Арыздануучу Бакытбек Жусупов «Клоопко» маек берип, үстүбүздөгү жылдын январь айында милиция кызматкери «анын ишине канааттанбаганын жүйөө кылып», илдеттен улам өлгөн малынын ордуна анын карамагындагы башка адамдардын 11 баш малын кошо жүктөп кеткенин айтты.

«Үч жарым жыл малын баккам, анын ичинде 4-5и өлгөнүн билет болчу. Өзү келип, “жеңең ооруп жатат, өлгөн малды айтпай эле кой, өзүм айлык акымды алганда толуктап коём” деп санын 20 деп айттырып жүргөн. Кийинчерээк, быйыл январда келип, бизди “нашаа менен каматып салам” деп коркутуп, кызмат акыбызды бербей койгон. Учурда мени күндө милиция бөлүмүнө чакырып, кыйнап жатышат. Буга чейин 1000-5000 сомдон бөлүп отуруп, жалпы 30 миңдин тегерегинде гана төлөп берген, дагы 300 миңдей бериши керек», — деп билдирди Жусупов.

Ал эми аталган арыз боюнча Ноокат РИИБдин кызматкери арыздануучуга малын «2017-жылдын сентябрь айынан тарта багып берүүгө тапшырып келгенин жана айына 7500 сом эмгек акысын төлөп турганын» милицияга билдирген.

Аны менен катар ал малчы менен, «өлгөн малдын сөөгүн көрсөтсө төлөм албай турганын, ал эми каралбай өлсө төлөп берүүгө милдеттендирген келишим түзүшкөнүн» айткан.

Шектүүнүн айтымында, «малчынын ишине канааттанбай, алып кетүүгө барганда 20 малынын ичинен 17син кайтарып берген, анын бири жолдо, ал эми экөө бир күндөн кийин өлүп калган». Ошондой эле «малчыга эмгек акысынан калган 11 миң сомдук карызын малды толуктап бергенден кийин төлөп берүүнү» убадалаган.

«Арыз ээси менен малдын ээсинин көрсөтмөлөрүндө ача пикир келип чыккандыктан топтолгон материалдар юридикалык баа берүү максатында 2022-жылдын 15-декабрь күнү Ноокат райондук прокуратурасына жөнөтүлгөн. Учурда териштирүү иштери уланууда», — деп билдиришти милициядан.