30дан ашык эл аралык уюм кыргыз бийлигин «Азаттыкка» коюлган бөгөттү алууга чакырды

«Жарандык тилектештик» эл аралык платформасынын мүчөлөрү кыргыз бийлигин айыптап, «Азаттыктын» радио эфирин, веб-сайтына жеткиликтүүлүктү калыбына келтирип, мекеменин банктык эсебине коюлган бөгөттү алууга чакырышты. Бул тууралуу билдирүүнү Норвегиянын Хельсинки комитети сайтында жарыялады.

Билдирүүдө «Азаттыкка» бир нече ирет басым кылынганы белгиленет.

«“Азаттык” [бозгун президент] Курманбек Бакиевдин репрессивдүү режиминде 2010-жылдагы апрель ыңкылабына чейин басымга кабылган. Бул жолкусунда олутту маселе көз карандысыз ЖМКны, анын ичинде “Азаттык”, Kaktus.media жана “Клоопту” жабуу талабы менен адамдардын тобу “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин алдында акцияга чыкканда башталды.

Он күндөн кийин эле УТРК “Азаттыктын” радиоберүүлөрүн уктурууну токтотту, андан кийин Маданият министрлиги 2021-жылы жайында кабыл алынган талаштуу жана сынга алынып жаткан “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамына таянып “Азаттыктын” веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарды», — деп айтылат билдирүүдө.

«Жарандык тилектештик» комитетинин мүчөлөрү 2023-жылдын мартында «Азаттыктын» кыргыз тилиндеги биринчи репортажы чыкканына туура 70 жыл болорун эске салышты. Алар эгер ошол күнгө чейин «Азаттыкка» коюлган чектөө алынбаса, «бул Кыргызстандагы азыркы реалдуулуктун кейиштүү күбөсү жана анын көз карандысыздыкка умтулган демократиялык өлкө катары аброюна сокку болуп каларын» белгилешти.

«Биз, “Жарандык тилектештик” платформасынын мүчөлөрү дагы Кыргызстандын бийлигин “Азаттыктын” өлкөдөгү маанилүү журналисттик ишмердүүлүгүнө коюлган чектөөнүн баарын алып салууга чакырабыз. Кыргызстандын бийлиги өлкөдөгү ЖМКга сыймыктанып, өзүнүн күчтүү жагы катары карашы керек, ошондой эле [...] ондогон жылдардан бери калыптанып келе жаткан демократиялык процесстерди артка тартууга аракет кылбашы керек», — деп айтылат кайрылууда.

Кайрылууга 30дан ашык эл аралык уюм, анын ичинде Норвегиянын Хельсинки комитети жана «Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюму кол койгон.

«Азаттыктын» сайтынын бөгөттөлүшү

«Азаттык» үналгысынын сайты 26-октябрда эки айга бөгөттөлгөн. Мындай чечимди Маданият министрлиги кабыл алган.

Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган. Сайт «Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык бөгөттөлгөн. Аталган мыйзам фейктер тууралуу мыйзамы катары белгилүү.

Кийинчерээк «Азаттык Медианын» DemirBank’тагы эсеби бөгөттөлгөн. Финчалгын кызматынан бөгөттөөнүн себебин УКМКнын расмий катына ылайык «Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине» киргизилгени менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми радионун президенти Жейми Флай министрлик айтып жаткан материалда стандарттар бузулган эмес деген тыянакка келишкенин билдирген. Флай «эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөт» деп баса белгилеген.

ЖМКнын өзүн президент Садыр Жапаров бир канча жолу сындаган — өлкө башчысы басылма анын сөздөрүн бурмалайт деп эсептейт. Жапаров «Азаттыктын» Баткендеги куралдуу кагылышты чагылдырганына да реакция кылган. Президент «Азаттык» бул окуяны Кыргызстан Тажикстанга биринчи кол салды деп жазып, туура эмес чагылдырган деп нааразы болгон.

«Кантип ушундай болсун? Ал жакта деле [“Азаттыкта”] кыргыз кыздар менен жигиттер иштейт го», — деген Жапаров 20-октябрда.

Андан тышкары, 13-октябрда басылманын алдында «Азаттык», «Клооп» жана Kaktus.media басылмаларын жабуу талабы менен митинг өткөн.

Митингге көпчүлүгү жүзүн жашырган 30дай адам катышкан. Алар «Азаттыкты» «бузуку» жана «батыштын пропагандисти» деп аташкан. Ошондой эле басылма «жалаң гана негатив жазат», маалыматты «туура эмес» же «бир тараптуу берет» деген билдирүүлөр айтылган. Аны менен катар митингчилер «Азаттыкты» кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышты туура эмес чагылдырган деп дагы айыпташкан.

Мэдиаэксперттердин пикиринде, «Азаттыктын» сайтын бөгөттөө — бийликтин көзкарандысыз ЖМКга басымы. Алар бийликтин бул сыяктуу басымы басым улана берет деп эсептешет.