Мугалимди мазактоо үчүн ата-энелерди жазалоо: Мыйзамдын жеңилдетилген варианты кабыл алынды

«Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынынын үчүнчү окуусунда депутаттардын колдоосун тапты.

Алгач «педагогикалык кызматкерлерге карата мазактоо, жаман сөз айтуу, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана адепсиз жаңсоолорду, нерселерди көрсөтүү түрүндөгү мамиле үчүн» 12 жаштан 16 жашка чейинки окуучулардын ата-энесине айып салуу сунушталган. Айып пул 2 миң сомду түзүшү керек болчу. Эгер бир жыл ичинде укук бузуу кайталанса, айыптын өлчөмүн 5000 сомго чейин көбөйтүү же 3 суткадан 5 суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алуу сунушталган болчу.

Антмен менен бул ченемдер депутаттардын сынына алынып, аягында аларды, мыйзам долбоору толукталып чыккандан кийин алып салууну чечишкен.

Эми, мыйзам долбооруна ылайык, мугалимди мазактоо үчүн окуучунун ата-энесине оозеки же кат түрүндө эскертүү берилет. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Мирлан Самыйкожонун айтымында, бул ишти мугалимдерден жана райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлүнөн турган комиссия алып барат.

« Педагог кызматтык милдетин аткарып жатканда улуу кишилер жаман сөздөрдү айтып, адепсиз жаңсоолорду көрсөтүп, анын ичинде ЖМКны пайдалануу менен мазактаса 1000 сом айып салынат. Мектепке көчөдөн уруксатсыз кирип келип мугалимди коркутуп-үркүткөн жарандарды да көрүп жатабыз. Бул ата-энелерге дагы тиешелүү болот», — деген Самыйкожо 30 ноябрда.

Мыйзам долбоорун депутаттар Мирлан Самыйкожо менен Аманкан Кенжебаев демилгелеген. Эми парламенттин колдоосун тапкан документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Мугалимдерди коргоо зарылчылыгы жөнүндө Сузакта 2022-жылдын майында мектеп окуучусу сабалган окуядан кийин айтылып башталган. Окуядан кийин милиция жана Билим берүү министрлиги текшерүү баштаган.Окуучулар тартып алган видеодо мугалим окуучу кызга кыйкырып, сабаган, ал эми кыз сөз кайтарып коргонгон.

Бул окуя интернетке тарап, коомчулукта резонанс жаратып, бийлик өкүлдөрү да реакция кылышкан. Алсак, мурдагы Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев жана минкабдын башчысынын орун басары Эдиль Байсалов да реакция кылышкан — алар мугалимди колдоп чыгышкан болчу. Алар коомчулукта «мугалимди ушундай абалга жеткиргендер көбөйдү» деген пикирлерин айтышкан.

Тема боюнча окуңуз:

«Мектептеги зомбулукту токтоткула». Бишкекте балдардын укугун коргоого арналган митинг өттү

Мугалимди «сыйлабагандарга» айып салуу: Парламент комитети мыйзамды экинчи окууда жактырды

Башкы беттеги сүрөт: Гулжан Турдубаева / «Азаттык».