Башкы прокуратура Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши кыскартылганын билдирди

Аскар Акаев. Сүрөт: Екатерина Чеснокова / РИА Новости

13-январда бозгун президент Аскар Акаевге карата козголгон кылмыш иши мөөнөтү эскиргенине байланыштуу токтотулду. Бул маалыматты «Клоопко» Башка прокуратурадан тастыкташты.

Маалыматта буга чейин Кыргызстандын туңгуч президенти Акаев Кумтөр алтын кенин ишке киргизүүдө бийлигинен же кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, 1992-жылы канадалык «Камеко» компаниясы менен башкы макулдашуу түзүүдө жана 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоодо шалаакылык кылган деп айыпталып жатканы айтылат.

2021-жылдын декабрь айында Акаевдин үзөңгүлөшү Бекболот Талгарбеков ЖМКларга Акаевге тагылган айыптын баары алынганын, эми ал Кыргызстанга тынчыраак келип кете аларын маалымдаган.

«Сурагы толугу менен бүттү. Сурак учурунда анын Центеррада бир да акциясы жок экени, бир да тыйын албаганы аныкталды. Эми Акаев үчүн жол ачык. Ал учурда абдан көп иштеп, ал тургай беделдүү Ломоносов сыйлыгын алды. Эгерде жигердүү болуп аткан ишин бүтүрсө, албетте, Кыргызстанга кайтат», — деген Талгарбеков.

Ал эми УКМКдан «жүргүзүлүп жаткан тергөөгө тиешеси жок, иш боюнча ишенимдүү маалыматы жок адамдардын мындай билдирүүлөрү жөн гана өзүн пиар кылуу максатында коомчулуктун оюн бурмалоо жана атайылап адаштыруу болуп саналат» деп белгилешкен болчу.

Акаев жана «Кумтөр» иши

2021-жылдын август айында УКМК «Кумтөр» долбоору боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн. Анда тергөө далилдерди чогултуп, Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан келишимдерди түзүүдө, түрдүү толуктоо жана түзөтүүлөрдү киргизүүдө «“Камеко” жана Centerra Gold компаниялары менен кызматташкан жылдары толугу менен масштабдуу коррупцияга жол берилген деген негиздүү жыйынтыкка» келгени айтылган.

Анда УКМК Акаев бул иштин бир катар эпизоддору боюнча сыртынан соттолгонун билдирген. Атап айтканда, канадалык «Камеко» менен Башкы келишимди түзүү жана ага өзгөртүүлөр киргизүү, ошондой эле, «Кумтөр» долбоорун 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен кайра түзүү боюнча.

Борис Бирштейн жана Аскар Акаев. Сүрөт: Kaktus.media

*«Камеко» ишкер Борис Бирштейн ээлик кылган «Сиабеко» компаниясынын ортомчулугу менен кен иштетүүгө укук алган. Кийин саясатчы Осмонакун Ибраимов өзүнүн «Роковое золото Кыргызстана» деп аталган макаласында Бирштейнди «эл аралык деңгээлдеги аферист» деп атаган.

2003-жылдагы реструктуризация Кыргызстандын долбоордогу үлүшүнүн азаюсуна алып келген. *Эгерде мурда Кыргызстан «Кумтөр» долбоорунун 66% акциясына ээлик кылса, долбоорду кайра түзүүдөн кийин өлкөнүн үлүшү эки эсеге азайган.

2003-жылы «Камеко» Centerra’ны түзүүнү жана анын карамагына «Кумтөр Голд Компанини» жана компаниянын бардык активдерин өткөрүп берүүнү, андан соң үлүштү кайра бөлүшүүнү сунуштаган. Кыргызстандын өкмөтү буга макул болгон. Жыйынтыгында, кайра түзүүдөн кийин республиканын «Кыргызалтын» мамишканасы Centerra’дан 33% акцияга, ал эми «Камеко» — 67%га ээ болгон.

Кийин «Кумтөр» боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия 2013-жылы бул келишимди «эң пайдасыз» деп атап, ага кол коюу менен «кыргыз тарап “Кумтөр” долбоорун башкаруудагы укуктарын бир топ эле чектеп койгонун» белгилеген.

Аскар Акаев деген ким?

Аскар Акаев — Кыргызстандын биринчи качкын президенти. Ал 2005-жылдагы «жоогазын ыңкылабынан» кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Өлкөнү 15 жылдан ашык башкарган. Революциянын чыгышына эл аралык байкоочулар тарабынан таза эмес деп табылган парламенттик шайлоо себеп болгон. Ошондой эле Акаев туугандарын жогорку кызматтарга койгон деп да айыпталган.

Бийлик алмашкандан кийин, 16 жылдан кийин Акаев Кыргызстанга учуп келген. 2021-жылы августта ал «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Акаевдин келиши коомдук резонанс жараткан. Айрым саясатчылар ал өлкөнү башкарган 15 жылдын ичинде жасаган кылмыштарын унутпоого чакырышкан.

Акаев 2005-жылы Орусияга качып, азыркы тапта Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Татаал системаларды математикалык изилдөө институтунда башкы илимий кызматкер болуп иштейт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Аскар Акаев: Бир гана Садыр Жапаров мага адилет мамилесин көрсөттү

УКМК: Аскар Акаевге карата кылмыш иши кыскартылган жок