Талгарбеков: Аскар Акаев Москвага кетти. Андан Кумтөр боюнча айыптын баары алынды

Бозгун президент Аскар Акаевдин сурагы толугу менен бүттү. Ал кечээ, 19-декабрда Москвага кайра кетти. Бул тууралуу «Клоопко» анын үзөңгүлөшү, өкмөт башчысынын аппаратынын экс-жетекчиси Бекболот Талгарбеков билдирди.

Аскар Акаев.

Талгарбеков тактыдан кулатылган президентке тагылган айыптын баары алынганын, эми ал Кыргызстанга тынчыраак келип кете аларын айтып берди.

«Сурагы толугу менен бүттү. Сурак учурунда анын Центеррада бир да акциясы жок экени, бир да тыйын албаганы аныкталды. Эми Акаев үчүн жол ачык. Ал учурда абдан көп иштеп, ал тургай беделдүү Ломоносов сыйлыгын алды. Эгерде жигердүү болуп аткан ишин бүтүрсө, албетте, Кыргызстанга кайтат», — деди Талгарбеков.

17-декабрда Талгарбеков Аскар Акаев Кумтөр иши боюнча күбө катары сурак берип жатканын, ушуну менен сурагы жыйынтыкталарын айткан болчу.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Бишкекке 14-декабрда учуп келген.

Акаев Кыргызстанга экинчи ирет келип кетти. Биринчи жолу өлкөгө арадан 16 жыл өткөндөн кийин 2021-жылдын 2-августунда келген болчу.

Тема боюнча:

Талгарбеков: Бүгүн Аскар Акаев УКМКга акыркы жолу сурак берет, андан соң Москвага кетет

Адвокат: Аскар Акаев УКМКнын сурагынан чыкты