УКМК: Аскар Акаевге карата кылмыш иши кыскартылган жок

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) «Кумтөр» иши боюнча мурдагы президент Аскар Акаевге карата бардык айыптар алынып, кылмыш иши кыскартылды деген маалыматтарды төгүндөдү.

УКМК Акаевге карата кылмыш ишин иликтөө уланып жатканын жана ага карата тагылган айып алынбаганын билдирди.

Аскар Акаев

Эмне болду эле?

20-декабрда Акаевдин үзөнгүлөшү Бекболот Талгарбеков ЖМКларга Акаевге тагылган айыптын баары алынганын, эми ал Кыргызстанга тынчыраак келип кете аларын маалымдаган.

«Сурагы толугу менен бүттү. Сурак учурунда анын Центеррада бир да акциясы жок экени, бир да тыйын албаганы аныкталды. Эми Акаев үчүн жол ачык. Ал учурда абдан көп иштеп, ал тургай беделдүү Ломоносов сыйлыгын алды. Эгерде жигердүү болуп аткан ишин бүтүрсө, албетте, Кыргызстанга кайтат», — деген Талгарбеков.

Мындан сырткары Акаев өзү да 20-декабрда Орусиянын «Московский Комсомолец» басылмасына маек куруп, мекенинде ага карата мындан ары эч кандай доомат жок экенин жана бардык иштер жабылганын айтып берген.

«Мындан ары Кыргызстандын башка жарандарындай эле каалаган учурда өлкөгө кирип-чыгып турам», — деп билдирген ал.

Анын айтымында, Кумтөр иши боюнча күбө жана айыптоочу катары да өтүп жаткан.

«Бишкекте мага эң көп берилген суроо дал ушул ишке байланыштуу болду. Себеби бул ишкана жөнүндө башкалардан көбүрөөк билем, 1990-жылдардын башында инвесторду мен тапкам», — деген Акаев.

Бирок жактоочусу Айбек Самарбеков журналисттерге Акаевге байланышкан иш токтотулбаганын, анткен менен тергөөдө мурдагы президентке карата бүгүнкү күнү суроо жок экенин айткан.

УКМК эмне дейт?

УКМК «жүргүзүлүп жаткан тергөөгө тиешеси жок, иш боюнча ишенимдүү маалыматы жок адамдардын мындай билдирүүлөрү жөн гана өзүн пиар кылуу максатында коомчулуктун оюн бурмалоо жана атайылап адаштыруу болуп саналат» деп белгилешти.

«Мындан тышкары, Аскар Акаевге 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен Башкы келишим түзүү жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылды», —деп билдиришти Мамкомитеттен.

УКМКдан Акаев жогорудагы кылмыштар боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, «тергөө менен жигердүү кызматташып жатат» деп белгилешти.

«[Аскара Акаевдин] өлкөдөн чыгып кетиши , Бишкекке келиши алдын ала тергөөчү менен макулдашылган», — деп билдиришти атайын кызматтан.

УКМКдан «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууга байланыштуу кылмыш иши уланып жатканынын дагы кошумчалашты.

Акаев «Кумтөр» ишинде

Ушул жылдын август айында УКМК «Кумтөр» долбоору боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөткөн. Анда тергөө далилдерди чогултуп, Кумтөр кенин иштетүүгө байланышкан келишимдерди түзүүдө, түрдүү толуктоо жана түзөтүүлөрдү киргизүүдө «“Камеко” жана Centerra Gold компаниялары менен кызматташкан жылдары толугу менен масштабдуу коррупцияга жол берилген деген негиздүү жыйынтыкка» келгени айтылган.

Анда УКМК Акаев бул иштин бир катар эпизоддору боюнча сыртынан соттолгонун билдирген: канадалык «Камеко» менен Башкы келишимди түзүү жана ага өзгөртүүлөр киргизүү, ошондой эле, «Кумтөр» долбоорун 2003-жылы «Камеко» компаниясы менен кайра түзүү үчүн.

Борис Бирштейн жана Аскар Акаев. Сүрөт: kaktus.media

*«Камеко» ишкер Борис Бирштейн ээлик кылган «Сиабеко» компаниясынын ортомчулугу менен кен иштетүүгө укук алган. Кийин саясатчы Осмонакун Ибраимов өзүнүн «Роковое золото Кыргызстана» деп аталган макаласында Бирштейнди «эл аралык деңгээлдеги аферист» деп атаган.

2003-жылдагы реструктуризация Кыргызстандын долбоордогу үлүшүнүн заюсуна алып келген. *Эгерде мурда Кыргызстан «Кумтөр» долбоорунун 66% акциясына ээлик кылса, долбоорду кайра түзүүдөн кийин өлкөнүн үлүшү эки эсеге азайган.

2003-жылы «Камеко» Centerra’ны түзүүнү жана анын карамагына «Кумтөр Голд Компанини» жана компаниянын бардык активдерин өткөрүп берүүнү, андан соң үлүштү кайра бөлүшүүнү сунуштаган. Кыргызстандын өкмөтү буга макул болгон. Жыйынтыгында кайра түзүүдөн кийин республиканын «Кыргызалтын» мамишканасы Centerra’дан 33% акцияга, ал эми «Камеко» — 67%га ээ болгон.

Кийин «Кумтөр» боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия 2013-жылы бул келишимди «эң пайдасыз» деп атап, ага кол коюу менен «кыргыз тарап “Кумтөр” долбоорун башкаруудагы укуктарын бир топ эле чектеп койгонун» белгилеген.

Тема боюнча: УКМК «Кумтөр» боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын көрсөттү

Акаевдин келиши жана кетиши

Кыргызстандын биринчи бозгун президенти Аскар Акаев Бишкекке 14-декабрда учуп келген. Бул тууралуу ЖМКлар анын чөйрөсүндөгүлөрүнө таянып жазышкан. Эртеси күнү ал УКМКда «Кумтөр» иши боюнча сурак берген.

Акаевдин үзөңгүлөшү Бекболот Талгарбеков 19-декабрда мурдагы президент кайра Орусияга кеткенин билдирген. Акаев 16 жылдан бери Москвада жашайт.

Аскар Акаев.

Бозгун президент Аскар Акаев өлкөнү 15 жылдын ашык башкарган. Ал 2005-жылдын 24-мартында «Жоогазын революциясынан» улам тактан кулаган. Төңкөрүшкө эл аралык байкоочулар таза өткөн жок деп тапкан парламенттик шайлоо түрткү болгон.

Бул Акаевдин Кыргызстанга экинчи ирет келиши. Ал 2021-жылдын августунда дагы келип, «Кумтөр» иши боюнча сурак берип кеткен.

Анда Башкы прокуратура Акаев бул иш боюнча «тергөө менен тыгыз кызматташып жатканын» белгилешкен.