«Вечерний Бишкек» Kaktus.media’ны гезит жабылат деген макаласы үчүн сотко берди

«“Вечерний Бишкек” басма үйү» компаниясы Kaktus.media’нын үстүнөн даттанып, Биринчи май райондук сотуна арыз жазды.

Kaktus.media’нын маалыматына ылайык, басылманы сотко берүүгө «Вечерний Бишкек» гезити жабылып, кызматкерлери иштен кетери тууралуу макала себеп болгон. Басылмага карата коюлуп жаткан доонун суммасы 50 млн сомду түзөт.

«50 млн сомдун 25 млнун журналист Диля Юсуповадан, башкы редактор Наталья Тимирбаевадан жана мекеменин негиздөөчүсү Дина Масловадан талап кылышууда. Калган 25 миллионду “Вечёрка” басылманын өзүнөн талап кылууда. Жабык акционердик коом макалада басылма жабылары жана банкротко учураганы тууралуу туура эмес маалыматтар берилген деп эсептейт. Компания төгүндөө чыгарууну дагы талап кылууда», — деп билдиришти Kaktus.media’дан.

«Вечерний Бишкек» жабыла турганы жөнүндөгү макала Kaktus.media’нын сайтында 29-декабрда чыккан. Макалада «Вечерний Бишкек» 2023-жылдын 1-январынан тарта жабылары жана гезиттин акркы саны чыкканы айтылган. Анткен менен Kaktus.media «Вечерний Бишкектин» электрондук версиясы ишин уланта берерин белгилеген.

Ал эми «Вечерний Бишкек» моралдык зыян үчүн 50 млн сом талап кылып жатканын жазды.

«Материалдын аталышынын өзүндө эле чындыкка дал келбеген, арыз ээсинин ишкердик аброюна шек келтирген маалыматтар бар, себеби “Вечерний Бишкек” жабылбай эле ишин улантып жатат. ““Вечерний Бишкек” басма үйү”” жабык акционердик коомунун юридикалык жагы дагы, гезиттин негиздөөчүсү катары, жоюулуу алдында турган жок», — деп жазылат басылманын сайтында.

Ал жактагылар Kaktus.media макаласын чыгаргандан кийин кабарынын текстин жана аталышын өзгөрткөн, бирок «аңгыча эле маалымат соцтүйүндөргө таркап, белгилүү бир резонанс жаратканга үлгүргөн» деп белгилешти.

«“Вечерний Бишкек” гезити жана ““Вечерний Бишкек” басма үйү”” жабык акционердик коому жабылат деп эч бир нерсеге таянбай айтуу, албетте, коомчулуктун басылманын ишкердик жана кесиптик ишмердигине берген баасына таасир этти. Макала коомдук резонанс жаратып, жарнама берүүчүлөрдүн жана башка контрагенттердин кетүүсүнө алып келди», — деп айтылат арыз ээсинин билдирүүсүндө.