Эсептөө палатасы бир нече мамлекеттик органда каржылык мыйзам бузуу болгонун аныктады

Эсептөө палатасы «Кыргыз темир жолу» ишканасындагы, Транспорт министрлигиндеги жана Бишкек шаардык мэриясындагы каржылык мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 13-январда билдирди.

«Кыргыз темир жолу» ишканасындагы мыйзам бузуунун кесепетинен мамлекетке 1 миллион 227 миң 609 сом зыян келтирилген.

Маалыматка ылайык, мекемеде негизсиз айлык жана командировкалык каражат берүү, курулуш, оңдоп-түзөө иштерин жөнү жок кымбаттатуу, салык мыйзамдарын жана мамлекеттик сатып алуулардын талаптарын бузуу, максатына жетпеген эле иш чараларга көп каражат бөлүү сыяктуу бир топ мыйзам бузуулар катталды.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясы «Катуу калдыктарды башкаруу системасын жакшыртуу» долбооруна бөлүнгөн каражатты пайдаланууда мыйзам бузууларга жол берген.

Маалыматка ылайык, мэрияда иштеген кызматкерлер долбоордогу келишимдин шарттарын так сактабай, милдеттенмелерди өз убагында аткарбай жана жер тилкелери үчүн документтерди талапка ылайык даярдашкан эмес.

Мыйзам бузуунун кесепетинен мамлекетке 1 миллион 533 миң 574 евро зыян келтирилген.

Ал эми Транспорт жана коммуникация министрлигиндеги мыйзам бузуунун жалпы өлчөмү 52 миң 594 доллар деп бааланды.

Эсептөө палатасы «Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун 2-фазасы: Арал-Казарман участогун куруу» жана «Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 3-фазасы: 159-183 километр жолду реконструкциялоо» долбоорлорунда мыйзам бузуулар болгонун аныктады.

Арал-Казарман жолун курууда China Road and Bridge Corporation ишти 52 594,9 АКШ долларга ашыкча баалаганы белгилүү болду.

Ошондой эле жол куруунун 2-фазасында үч эстакадалык көпүрө жана эки галерея курууда жеңилдетилген кредиттик келишимдин шарттары бузулган.

Эспетөө палатасынан текшерүүнүн жыйынтыгында түзүлгөн бардык документтер тиешелүү органдарга жөнөтүлөөрүн кошумчалашты.