Видео: Өлкөдө алгачкы жолу айымдар күрөшү боюнча ондон ашык мамлекеттин чемпиону катышкан машыгуу өттү

Кыргызстанда алгачкы жолу ондон ашык өлкөдөн келген олимпиада, Дүйнө жана Европа чемпиондору кыз-келиндер күрөшү боюнча окуу-машыгуу жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу балбан Айсулуу Тыныбекова фейсбук барагына жазды.

«Биздин жаш спортчулар окуу-машыгуу учурунда чет өлкөдөн келген чемпиондор менен машыгууларды өткөрүп, алардын техникасын өздөштүрүп, жаңы билимге жана тажрыйбага ээ болушууда. Бул мындан ары өлкөдөгү кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө жакшы колдоо болмокчу», — деди ал.

Тыныбекова мындай иш-чара айымдардын күрөш боюнча машыгуу залы бар болгондуктан ишке ашып жатканын айтты. Ал машыгуу залын куруп бергени үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

Дене тарбия спорт департаментинин маалыматына ылайык, Бишкекке Норвегия, Венгрия, Эстония, Италия, Литва, Молдова, АКШ жана Казакстандан 50гө жакын спортчу жана алардын машыктыруучулары келген.