Энергетиктер абоненттерге жарык өчүрүлө турган убакта алдын ала айтыларын билдиришти

Энергетиктер мындан ары абоненттерди кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр боло турган учурларда алдын ала кабардар кылып турат. Бул тууралуу 18-январда «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө катуу сууктан улам электр энергиясын керектөө бир кыйла жогорулап, буга байланыштуу «электр жабдууларга күч келип жатканы» белгиленет.

«Учурда өлкө аймагында жабдууларды сактап калуу максатында жана алардын зыян тартуусун алдын алуу үчүн электр керектөө кубаттуулугун азайтуу иш чаралары көрүлүүдө. Буга чейин кайсы аймакта, кайсы убакта керектөө көп болорун айтуу мүмкүн эмес болчу. Акыркы бир нече күндөгү ашыкча жүктөмдөр менен байланышкан өчүрүүлөрдү талдап чыккандан кийин, мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр күтүлүп жатканын аныктоого болот», — деп айтылат ишкананын билдирүүсүндө.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын билдирүүсүнө чейин парламент депутаты Дастан Бекешев минкабга кайрылып, жарандарга электр жарыгын өчүрүүнүн графигин берүүнү суранган. Ал абоненттер үчүн бул ыңгайлуу болмоктугун белгилеген.

«Бүт эле жерде азыр, региондордо, Бишкекте дагы саат-сааты менен электр жарыгын өчүрүүлөр башталды. Мурунку “маал-маалы менен өчүрүүнү” азыр “жөнгө салуучу чаралар” деп [атап] коюшту, бирок, чындыгында бул “маал-маалы менен өчүрүү”. Мен түшүнүп атам, электр жарыгы бизде тартыш болуп жатат, жабдыктар эски, начар болуп жатат. Бирок, ошол эле кезде, жок дегенде, жарандарга график түзүп, айтып койбойсуңарбы? [Саат] мынчада жарык болбойт деп, алар ошого даярданышат», — деген эл өкүлү.

Чилдедеги жарык өчүрүүлөр

Январдын башында түшкөн аномалдуу сууктан улам Кыргызстандын жер жерлеринде электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Жарандар жарык бир канча саатка эле эмес, күн бою өчүп жатканын айтып нааразы болушууда.

Өз кезегинде бийлик аномалдуу суук түшкөндөн бери электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр киргизилбегенин, ал эми жарык бир нече саатка өчүп жатканын «жөнгө салуучу чаралар» деп атап жатат. Буга чейин энергетиктер тургундарды жабдууларды күйүп кетүү жана иштен чыгып калуудан сакташ үчүн электр жарыгы өчүрүлүп турушу мүмкүн деп эскертишкен.

Энергетиктер азыркы суукта кыргызстандыктар электр энергиясын эң көп керектеп, ал рекорддук чекке жетип атканын белгилешүүдө. Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиевдин айтымында, айрым күндөрү керектөөнүн суткалык көрсөткүчү 76,4 миллион кВт/саатка чейин жеткен.