Электр энергиясын керектөө кескин өскөндүктөн кыска мөөнөттүк өчүрүүлөр болушу мүмкүн экени эскертилди

Өлкөдө электр энергиясын керектөө кескин өскөндүктөн жабдууларды иштен чыгуудан сактоо үчүн электр энергиясы кыска мөөнөткө өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынан маалымдашты.

Мекеме тургундарды бир убакта бир нече тиричилик техникасын күйгүзбөөгө жана электр энергиясына аяр мамиле кылууга чакырды.

«Өлкөнүн бүтүндөй энергетикалык системасынын абалы ушул суук күндөрдө электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануудан көз каранды», — дешти мекемден.

Улуттук электр тармагы өзгөчө кырдаал пайда болсо тез арада жоюу схемасы иштелип чыгып, авариялык өчүрүүлөр учурунда ыкчам топтор күнү-түнү кызмат көрсөтүшөрүн кошумчалашты.

Өлкөдө суткалык электр энергияны эң көп керектөө учуру 12-январда катталган — көрсөткүч 73,852 миллион кВт/саатка жеткен. Буга чейин кышында электр энергиясын керектөө рекорду 2021-жылдын 6-январында болгон – анда көрсөткүч 73 миллион кВт/саатты түзгөн.

Азыркы тапта өлкөдө катуу суук болуп, электр энергиясын керектөө өстү. ӨКМ катуу суук унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындараарын эскерткен.

Буга чейин минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев энергетиктерге электр жарыгын үзгүлтүксүз камсыздоону тапшырган. Ал энергетиктер алдыдагы суукка толук даяр болушу керек деп билдирген.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев тоолуу аймактагы энергетиктерге күчөтүлгөн тартипте иштөөнү тапшырган.

Тема боюнча:

Төрөбаев күтүлүп жаткан суукта электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү тапшырды