Бекешев: Жарык УКМК менен ИИМде иштегендердин үйүнөн башкасынын баарында өчүп жатат

Байларга электр энергиясы бар, карапайым элге — жок. Бул тууралуу парламенттин 19-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анткен менен энергетика министри Таалайбек Ибраев андай деп ойлобойт.

«Бизде линияга, подстанцияга кошулганда, жөнгө салуу иштерин жүргүзүп жатканда, ал жерде эч ким байлар жана кедейлер деп тандабалбайт. Баарына бирдей. Анткени аларды өзүнчө бөлүп алып, өчүрбөй койгонго мүмкүнчүлүгүбүз жок», — деди Ибраев.

Бирок Бекешев ага борбор калаадагы Көк-Жар конушунун тургундары кайрылып жатканын айтты.

«Мисалы мага шайлоочулар кайрылып жатышат, Көк-Жар калктуу конушунан. Ошол жерде бүт көчө [жарык] өчөт, бир гана УКМК менен ИИМдин [кызматкерлеринин] үйүндө өчпөйт деп жатышат», — деп кошумчалады эл өкүлү.

Ибраев бул маалымат чындыкка коошпойт деп жооп берди.

«Андай жок. График менен бир сааттан баары эле камтылып жатат [өчүрүлүп жатат дегени]. [...] Мен расмий билем, Көк-Жардын үстүндө УКМКнын 9 кабаттуу үйлөрү бар. Алардын баары туш келип жатат буга. Мисал үчүн, Көк-Жарда жашоочулардыкы 20:00дөн 21:00гө чейин өчсө, беркилердики [УКМКда иштегендердики] 21:00дөн 22:00гө чейин өчүп жатат», — деп жооп берди аткаминер.

Буга кошумча эл өкүлү Энергетика министрлиги маал-маалы менен өчүрүүлөрдүн графигин бербегенине ачууланды.

«Суук боло берсе өчүрүүлөр уланат. Себеби бизде кошумча өндүрүү кубаттуулуктары жок. Бул экинчи график, күз-кышкы жылытуу мезгилине чейин башка болчу. Ал райондук администрацияларга берилген. Ал бардык администрациялардын сайттарында дагы бар. Бир саатка жүктөм көп болуп аткан райондордун жарыгын өчүрүп жаттык. Себеби биз эртең кай жерде, кайсыл станцияда жүктөм ашыкча болорун алдын ала биле албайбыз да», — деп жыйынтыктады Ибраев сөзүн.

Аткаминерлер менен күч органдарынын үйүндө жарык бар, бирок ал майыптардыкында жок

Ал арада соцтүйүндө электр жарыгы өчүрүлгөн убакта Көк-Жар конушунда тартылганы айтылган видео тарап жатат.

Видеонун автору электр жарыгы бар үйлөрдү тартып, аларда ИИМдин, Президенттик иш башкармалыгынын жана УКМК кызматкерлери жашайт экенин белгилеп, алардын жанындагы майыптыга бар адамдар жашайт деген үйдүн жарыгы өчүк турганын белгилеген.

«Байкасаңар, бул үйлөрдө газ бар, газ тартылган. Ал эми бул үйлөрдө борбордук жылытуу да, газ да жок. Майыптыгы бар адамдар электр менен гана жан багышат. Тигил жерде УКМКда иштегендердин үйлөрү. Ал жакта да газ бар. Өзүңөр көрүп тургандай, жарык майыптардыкында гана жок», — дейт видеонун автору.

2015-жылдын июлунда өкмөттүн басма сөз кызматы Көк-Жар конушунда УКМК менен ИИМдин кызматкерлери үчүн турак жайлар салынып жатканын билдирген.

Ал эми ошол убактагы президент Алмазбек Атамбаев ошол эле жылдын октябрында милиционерлерге көп кабаттуу үйдүн ачкычтарын тапшырган. Аталган иш-чарада тартылган сүрөттөрдөн видеонун автору көрсөткөн үйлөргө окшош имараттарды көрүүгө болот.

Мындан тышкары, 2013-жылы Көк-Жарда азиздер жана дүлөйлөр коомуна деп үйлөр курулганы айтылган.